АЫФтын АНАЛИТИКАЛЫК ЛАБОРАТОРИЯСЫНЫН ЖЫЛЫТУУ СИСТЕМАСЫН ЭҢ ЖАҢЫ АБА ЖЫЛУУЛУК НАСОСТОРУН КОЛДОНУУ МЕНЕН МОДЕРНИЗАЦИЯЛОО МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮН БААЛОО БОЮНЧА ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗҮҮГӨ КОНКУРС

АЫФтын АНАЛИТИКАЛЫК ЛАБОРАТОРИЯСЫНЫН ЖЫЛЫТУУ СИСТЕМАСЫН ЭҢ ЖАҢЫ АБА ЖЫЛУУЛУК НАСОСТОРУН КОЛДОНУУ МЕНЕН МОДЕРНИЗАЦИЯЛОО МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮН БААЛОО БОЮНЧА ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗҮҮГӨ КОНКУРС

Жарыяланган: 28 August 2026

АРЫЗ БЕРҮҮ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 10-сентябры, саат 13:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК суроо ыкмасы аркылуу АЫФтын аналитикалык лабораториясынын жылытуу системасын эң жаңы аба жылуулук насосторун колдонуу менен модернизациялоо мүмкүнчүлүктөрүн баалоо боюнча изилдөө иштерин жүргүзүүгө конкурс жарыялайт жана катышууга чакырат.

Берүү форматы: Табыштама жана башка документтер табыштамага жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтерге мөөр басылып жана PDF форматында берилиши керек. Кол коюучунун ыйгарым укуктары ишеним кат же тиешелүү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен ырасталышы керек.
Сунуштарды берүү тартиби Конкурска катышуучулар конкурстун талаптарына ылайык орус тилиндеги сунушту даярдап, зарыл документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук түрдө [email protected] электрондук дарегине 2026-жылдын 10-сентябры Бишкек убактысы боюнча саат 13:00гө чейин жөнөтүү керек.

Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч келген же башка электрондук дарекке жөнөтүлгөн конкурстук сунуштар каралбайт.

Катышуу табыштамасында төмөнкү документтер камтышы керек: Коммерциялык сунуш, анда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:

∙ кызматтарды көрсөтүү мөөнөттөрү;

∙ төлөм шарттары;

∙ коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү (кеминде 30 календардык күн).

Баалоо критерийлери: Конкурстан эң төмөнкү бааны жана оптималдуу мөөнөттөрдү сунуштаган катышуучу өткөн болуп таанылат.
Сунуштарды [email protected] электрондук дарегине 2026-жылдын 10-сентябры Бишкек убактысы боюнча саат 13:00гө чейин жөнөтүү керек.
Буйрутмачы кандайдыр бир сунушту же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле келишим түзүлгөнгө чейин каалаган убакта конкурс өткөрүү жол-жобосун жокко чыгарууга укуктуу жана бул үчүн тиешелүү катышуучулар алдында эч кандай милдеттенме тартпайт.
Коммерциялык сунуш расмий бланкта даярдалышы керек.
Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч берилген конкурстук сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Өз сунушун берүү менен катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экендигин ырастайт.

Ар бир катышуучу бир гана конкурстук сунуш бере алат.

Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болууга тийиш.

Конкурстук сунуш күчүндө турган мезгилде ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Алдын ала төлөм каралган учурда жеңүүчү компания алдын ала төлөмдүн суммасынан кем эмес өлчөмдө алдын ала төлөмдү камсыздоо боюнча банктык кепилдик берүүгө милдеттүү.

Банктык кепилдик Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан корреспондент-банк тарабынан авизолонууга тийиш. Банктык кепилдикти авизолонууга байланышкан бардык чыгымдарды Жеткирип берүүчү көтөрөт.

Ушул конкурс боюнча бардык суроолор [email protected] электрондук дарегине жөнөтүлүү керек.

Тандоо шарттарын түшүндүрүү боюнча суроо-талаптар сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө чейин 3 календардык күн мурда жөнөтүлүү керек.

 

Техникалык тапшырма