АЯНТЫ 1225,7 КВ.М. КОММЕРЦИЯЛЫК ИМАРАТТЫ КООМДУК КОШОО АЙМАК МЕНЕН ТАМАК-АШ МЕКЕМЕСИН УЮШТУРУУ ҮЧҮН ИЖАРАГА БЕРҮҮ БОЮНЧА КОНКУРС

АЯНТЫ 1225,7 КВ.М. КОММЕРЦИЯЛЫК ИМАРАТТЫ КООМДУК КОШОО АЙМАК МЕНЕН ТАМАК-АШ МЕКЕМЕСИН УЮШТУРУУ ҮЧҮН ИЖАРАГА БЕРҮҮ БОЮНЧА КОНКУРС

Жарыяланган: 30 April 2026

АРЫЗ БЕРҮҮНҮН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026‑жылдын 11‑майы.


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК коомдук тамак‑аш мекемесин уюштуруу үчүн кошо жайгашкан аймагы бар, аянты 1225,7 кв.м. болгон коммерциялык имаратты ижарага берүүгө конкурс жарыялайт.

Ижарага берилүүчү имараттын жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 24.

Толук техникалык маалымат алуу жана конкурска катышуу үчүн арыздар 2026‑жылдын 11‑майына чейин төмөнкү электрондук дарек аркылуу кабыл алынат: rent.adm1@kumtor.kg

Ижара акысынын өлчөмү турак эмес жайлардын базар наркына көз карандысыз баалоонун отчетуна ылайык аныкталат (айына 810 000 сомдон кем эмес өлчөмдө белгиленет).

Объекттин сүрөттөлүшү:

  • Объект коомдук тамак‑аш ишканасын жайгаштыруу үчүн арналган, капиталдык курулуштагы бир кабаттуу турак эмес жайлардан турат. Жайлардын орточо бийиктиги 3,3 м.
  • Объектке инженердик коммуникациялар жеткирилген: электр энергиясы, суу менен камсыздоо жана канализация (туташтыруу кошумча иштерди жүргүзүүнү талап кылат).
  • Объектти өткөрүп берүү учурунда коомдук тамак‑аш ишканасынын толук технологиялык циклын уюштурууга зарыл болгон функционалдык жайлар, анын ичинде тамак даярдоочу жайлар, продукция сактоочу кампалар жана жүктөө зонасы жок.
  • Объект өнүккөн шаардык инфраструктурасы бар аймакта, курулуштун биринчи линиясында, калкы жыш жайгашкан жана жөө адам кыймылы жогору болгон райондо орун алган (базарлардын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, турак жай комплекстеринин жанында). Транспорттук жеткиликтүүлүк, унаа токтотуучу жайлар жана тосмолонгон кошо аймак бар.
  • Жайлардын жалпы аянты 1225,7 м² түзөт.
  • Объект ижарачыга капиталдык жана учурдагы оңдоо иштеринин комплексин жүргүзүүнү, ошондой эле ижара берүүчү тарабынан иштелип чыккан/берилген долбоордук документтерге ылайык кошумча курулуш көлөмүн тургузууну талап кылган абалда өткөрүлүп берилет.
  • Объекттин курамына коомдук тамак‑аш ишканасынын жайкы аянтчасы катары пайдаланууга арналган, жалпы аянты 1773 м² болгон тосмолонгон кошо жайгашкан аймак (укук белгилөөчү документтерге ылайык) кирет.
  • Кошо аймакта төмөнкү көрктөндүрүү жана инфраструктура объекттери жайгашкан жана ижарачыга өткөрүлүп берилет: бир нече калкандан турган жайкы аянтча (летник), сахна, кооздук фонтан, бассейн, көчөдөгү санитардык түйүндөр, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, бар зонасы жайгашкан калкан. Аймак көрктөндүрүлгөн, жашылдандырылган жана тышкы электр жарыктандыруусу бар.
  • Көрсөтүлгөн аймак жана анда жайгашкан объекттер учурдагы абалында өткөрүлүп берилет жана учурдагы оңдоо иштерин, ал эми зарыл болгон учурда калыбына келтирүү жана эксплуатациялык иштерди жүргүзүүнү талап кылат (ушул иштер жүргүзүлүп жаткан мезгилде ижаралык жеңилдиктер берилиши мүмкүн).
  • Ижаранын мөөнөтү 3 жылга чейин.