Жарыяланган: 30 September 2026
ТАБЫШТАМАЛАРДЫ БЕРҮҮНҮН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 7-октябры, саат 15:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча).
ЭКИ ПАКЕТТҮҮ ЧЕТѲѲСҮЗ СЫНАККА КАТЫШУУГА ЧАКЫРУУ
Кардар: “Кумтөр Голд Компани” ЖАКынын “Шиналарды кайра иштетүүчү завод” филиалы (мындан ары – “ДКЗ”) сиздерди техникалык талаптарга ылайык автоунаа дѳӊгѳлѳктѳрүнүн калдыктарын кайра иштетүүдо пайда болгон металл шнурларды жана шуру шакекчелерин кайрадан эритүү андан кийин болоттон жасалган шарларды ѳнүктүрүү боюнча кызматтарын көрсөтүү үчүн сынакка катышууга чакырат.
Атаандаштыкка жөндөмдүү сунушту берүү үчүн негизги талаптар:
– Төмөнкү документтер берилиши керек:
№1-топтом, анын ичинде:
№ 2-пакет
“Коммерциялык сунуш” деп аталган өзүнчө файл түрүндө берилиши керек. Толтурулган № 7-тиркемени (Коммерциялык сунуш) камтыган
– Документтер PDF форматындагы сканерленген көчүрмөлөр түрүндө берилиши зарыл.
– Бардык документтер бир убакта [email protected] электрондук почта дарегине 2026-жылдын 7-октябрында саат 15:00дөн (Бишкек убактысы боюнча) кечиктирилбестен жөнөтүлүшү керек.
Сураныч, документтердин жалпы көлөмү 25 МБдан ашпашы керектигин эске алыңыз.
– Сынактын алкагында берилген бардык документтер купуя деп эсептелет.
– Катышуучу арыз берүү менен Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макулдугун билдирет.
ДКЗ кошумча тастыктоочу документтерди талап кылуу же берилген маалыматты текшерүү укугун өзүнө калтырат. Эгерде так эмес маалымат аныкталса, арыз четке кагылат.
Эгерде катышуучуда бул чакырууга байланыштуу кандайдыр бир суроолор жаралса, ал квалификациялык документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтүнө чейин кеминде үч жумушчу күн калганда [email protected] электрондук дареги аркылуу түшүндүрмө сурай алат. Түшүндүрмөлөр суроо-талап келип түшкөндөн кийин үч (3) календардык күндөн кечиктирилбестен, суроо-талап жөнөтүлгөн электрондук дарекке жөнөтүлөт.
Документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү аяктагандан кийин, катышуучулар өздөрүнүн документтерине эч кандай өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду киргизе алышпайт.
Тандоо катышуучулары тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттөрдөн кечирээк берилген сынак сунуштары кабыл алынбайт жана каралбайт. КГК талаптарга жооп бербеген ар кандай арызды четке кагууга укуктуу. Документтерди берүү сатып алуу процедурасынын кийинки этаптарына катышууга кепилдик бербейт. Эгерде ушул Чакырууга өзгөртүүлөр киргизилсе, Заказчик квалификациялык документтерди берүүнүн акыркы мөөнөтүн кийинки мөөнөткө жылдырышы мүмкүн, бул тууралуу Заказчик ушул сынак өткөрүү жөнүндө жарыяланган жерде, Заказчиктин расмий сайтында https://www.kumtor.kg/ru/ тиешелүү маалыматты жайгаштыруу аркылуу маалымдайт.