АВТОТРАНСПОРТ КАРАЖАТТАРЫНА ПЛЕНКАЛЫК ЖАБУУ (ТОНИРОВКА, БРОНДОЛОШ) КЫЗМАТЫН КӨРСӨТҮҮ БОЮНЧА БАА СУНУШТАРЫН БЕРҮҮ

АВТОТРАНСПОРТ КАРАЖАТТАРЫНА ПЛЕНКАЛЫК ЖАБУУ (ТОНИРОВКА, БРОНДОЛОШ) КЫЗМАТЫН КӨРСӨТҮҮ БОЮНЧА БАА СУНУШТАРЫН БЕРҮҮ

Жарыяланган: 16 February 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 20-февраль, Бишкек убактысы боюнча саат 14:00.


ЗАО «Кумтор Голд Компани» Сизди автотранспорт каражаттарына пленкалык жабуу (тонировка, брондолош) кызматын көрсөтүү боюнча баа сунуштарын берүү суроо-талаптарына катышууга чакырат.

Тапшыруу форматы:

 

Катышуу арызы жана башка документтер арызга жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлуп, PDF форматында тапшырылышы керек (баа таблицасы .xlsx форматында кошо берилиши керек).
Сунуштарды тапшыруу тартиби

 

Катышуучулар сынактын талаптарына ылайык, катышуу арызын орус же англис тилинде толтуруп, тиешелүү документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук түрдө tonirovkakgc@kumtor.kg дарегине 2026-жылдын 20-февралы, саат 14:00гө чейин жөнөтүүгө тийиш.

Кофемашинаны оңдоо боюнча иштердин тизмеси ушул документацияга тиркелет.

Катышуу арызы төмөнкү документтерди камтууга тийиш: Коммерциялык сунуш (КП), анын ичинде:

  • иштерди аткаруу мөөнөттөрү;
  • иштерди аткаруу шарттары;
  • төлөм шарттары;
  • коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү (кеминде 30 календардык күн, мүмкүн болушунча узагыраак).
Баалоо критерийлери:

 

Сунуштар төмөнкүлөр боюнча бааланат:

·         минималдуу баа;

·         иштерди аткаруунун оптималдуу жана Заказчик менен макулдашылган мөөнөттөрү.

Тема менен берилген сунуш:
«Баалар боюнча суроо-талап — автотранспорт каражаттарына пленкалык жабуу (тонировка, брондолош) кызматын көрсөтүү» электрондук почтага (tonirovkakgc@kumtor.kg) 2026-жылдын 20-февралы, саат 14:00гө чейин жөнөтүлүшү керек.
Заказчик өзүнө төмөнкү укуктарды калтырат:

·         каалаган сунушту кабыл алуу же четке кагуу;

·         катышуучулар алдында милдеттенмесиз, Договор түзүлгөнгө чейин тандоо процессин жокко чыгаруу.

Белгиленген мөөнөттөн кийин тапшырылган сунуштар каралбайт.
Ар бир катышуучу бир гана коммерциялык сунуш бере алат.
КП тапшырылгандан кийин өзгөртүүлөргө жол берилбейт.

Коммерциялык сунуш расмий бланкта болууга тийиш.
     Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч тапшырылган коммерциялык сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Сунушун тапшыруу менен Катышуучу Компаниянын бардык талаптары менен макул экенин билдирет.Коммерциялык сунуштун жарактуулугу кеминде 30 календардык күн болушу керек.Жарактуулук мөөнөтү ичинде коммерциялык сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
Бардык суроолор marlen.turatbekov@kumtor.kg дарегине жөнөтүлүшү керек.
Түшүндүрмөлөрдү алуу боюнча суроо-талаптар акыркы сунуштарды тапшыруу мөөнөтүнө 3 календардык күн калганда берилүүгө тийиш.

 

Приложение №1 – ТЕХНИЧЕСКОЕ ЗАДАНИЕ