АЛМАЗ ФРЕЗАЛАРДЫ ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА БАА СУНУШТАРЫН СУРОО

АЛМАЗ ФРЕЗАЛАРДЫ ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА БАА СУНУШТАРЫН СУРОО

Жарыяланган: 28 August 2026

АРЫЗ БЕРҮҮ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 4-сентябры, саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК сизди алмаз фрезаларды жеткирүү боюнча баа сунуштарын сурап алуу жолу менен жеткирүүчүлөрдү тандоо процессине катышууга чакырат.

Сатып алынуучу товарлар

Саны Кампа коду Өлчөм бирдиги Парт номери Сүрөттөлүшү
30 00.03.341 даана GFB 00 Алмаз фреза GFB 00, дан өлчөмү 1600/1250 мкм, М100–М350 маркасындагы бетон үчүн.
9 00.03.342 даана GFB 00 CS Алмаз фреза GFB 00 CS, алмаздардын кластердик жайгашуу системасы менен, М350 жана андан жогору маркадагы беттер үчүн.

Сунуштарды берүү форматы

Баалык сунуш (мындан ары – БС) PDF форматында сунушталып, келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек.

Сунуштарды берүү тартиби

Тандоого катышуучулар төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:

  1. Квалификациядан жана аккредитациядан өтүшү керек. Документтерге шилтеме: www.kumtor.kg/ru/informacziya-dlya-postavshhikov
  2. Баалык сунушту кыргыз же орус тилинде даярдап, электрондук түрдө Akram.Mirkarimov@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 4-сентябры, саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүшү керек.

Коммерциялык сунуш төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:

  • Жеткирүү мөөнөтү;
  • Жеткирүү шарттары;
  • Төлөм шарттары;
  • Баалык сунуштун жарактуу мөөнөтү сунуш берилген күндөн тартып кеминде 30 календардык күн болушу керек;
  • Милдеттүү түрдө: сунушталып жаткан товарга сертификат берүү.

Жеткирүү жери

DDP, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын кампасы:

  1. Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү / Элебаев көчөсү.

Коммерциялык сунуштарды баалоо критерийлери

Сүрөттөмөгө толук жооп берген жана эң төмөнкү бааны сунуштаган катышуучунун сунушу жеңүүчү деп таанылат.

«Алмаз фрезаларды жеткирүү» деген теманы көрсөтүү менен сунуштарды Akram.Mirkarimov@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 4-сентябры, саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүү зарыл.

Буюртмачы кандайдыр бир же бардык сунуштарды кабыл алуу же четке кагуу, ошондой эле келишим ыйгарылганга чейин каалаган убакта тандоо процессин жокко чыгаруу укугун өзүнө калтырат жана бул учурда БС тапшырган катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме тартпайт.

Баалык сунуш ишкананын расмий бланкында даярдалып, кол коюлуп жана мөөр басылышы керек.

Белгиленген мөөнөттөн кеч берилген баалык сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Өз сунушун берүү менен катышуучу талаптарда көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экендигин тастыктайт.

Ар бир катышуучу бир гана баалык сунуш бере алат.

Баалык сунуштун жарактуу мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек.

Тандоо жүрүп жаткан мезгилде баалык сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Ушул тандоо боюнча бардык суроолор төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек: Akram.Mirkarimov@kumtor.kg

Тандоонун шарттарын тактоо боюнча суроо-талаптар сунуштарды берүү мөөнөтү аяктаган күнгө чейин кеминде 3 календардык күн мурда жөнөтүлүшү керек.

 

СҮРӨТ.