АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 26 February 2024

ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Айлана-чөйрөнү коргоо бөлүмүнө (“АЧК”) эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Төмөнкү адистик боюнча жогорку билим талап кылынат: айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу инженери (инженер-эколог), экология жана айлана-чөйрөнү башкаруу, химиялык инженерия (2019-2023-ж. бүтүрүүчүлөрүн караштырабыз);
  • Билим жана көндүмдөр: Приоритеттерди коюу, командада иштөө, көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүү, стресске туруктуулук жана бир эле учурда бир нече тапшырмаларды аткаруу жөндөмдүүлүгү;
  • Жеке сапаттар: Жоопкерчилик, тактык, тартиптүүлүк;
  • Кошумча көндүмдөр (тилдерди билүү, компьютердик программалар ж.б.): программалык камсыздоону билүү (MS Office), тилдерди билүү артыкчылык болот.

Милдеттери:

  • АЧК бөлүмүнүн мониторинг инженерлери менен бирдикте суудан, абадан, түп чөкмөлөрдөн, таштандылардан, целлюлозадан жана топурактан үлгүлөрдү алуу, үлгүлөрдү маркировкалоо жана консервациялоо, таңгактоо жана жөнөтүү;
  • Суунун, пайдаланылган газдардын агымын өлчөөгө, абадагы жалпы калыбында калган заттарды биргелешип көзөмөлдөөгө, АЧК лабораториясында суунун үлгүлөрүн анализдөөгө көмөктөшүү;
  • MP-Field программасына, MP Веб жана тармактык дискке талаа жана лабораториялык маалыматтарды өз убагында киргизүү;
  • Экзогендик геологиялык процесстер боюнча талаа иштерине баруу үчүн ЭГП инженерлери менен бирге жардам көрсөтүү;
  • Өндүрүш жана керектөө калдыктарын даярдоодо жана кайра иштетүүчүлөргө жөнөтүүдө, таштанды контейнерлерин эсепке алууну киргизүүдө АЧК боюнча инженерге жардам көрсөтүү;
  • АЧК инженерлери менен бирдикте топурактын түшүмдүү катмарын туура алып салуу жана аларды кавальерлерге жайгаштыруу, келүүчүлөрдү жана кызматкерлерди келишим боюнча тосуп алуу боюнча иштерди жүргүзүү.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – “Кумтөр” кени
  • Такшалма графиги – 14/14

Тандоого катышуу үчүн:

  • 2024-жылдын 11-марты, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.