Сары-Мойнок ашуусундагы чукул кырдаал

Жарыяланган: 30 September 2014

2014-жылдын 29-сентябрында 17:00до курамында келишим боюнча иштеген тѳрт альпинист, бир электрик жана «Кумтор Голд Компанинин» штаттагы бир кызматкери бар алты адамдан турган топ Сары-Мойнок ашуусу аймагында орнотулган ретронслятордо пландалган профилактикалык оңдоо иштеринен кийин станциядан кайтып келатышкан.
Келаткан маршрутта көчкү жүрүп, алдында эки келишим боюнча иштеген альпинист калды. Кумтөр болгон кырдаал тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана тиешелүү органдарга билдирди. Бишкек шаарынан жана Караколдон куткаруучу топтор уюштурулуп көчкү жүргөн жакка жөнөтүлдү. Учурда издөө жана куткаруу иштери жүрүп жатат. Алардын жүрүшү боюнча компания дагы кабарлап турмакчы.

Предыдущая публикация«Кумтөр Голд Компанинин» иштөөчүлөрү Кыргыз Республикасынын тоо-кенчилер жана металлургдар профсоюзунун спартакиадасына катышты Следующая публикацияСары-Мойнок ашуусундагы чукул кырдаал боюнча маалымат - жоготуу бар
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.