Жарыяланган: 26 November 2026
КОНКУРСТУК АРЫЗДАРДЫ ТАПШЫРУУ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 3-декабры, саат 16:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (Буйрутмачы) баа суроо жолу менен конкурска катышууга укуктуу жеткирүүчүлөрдү төмөнкү кызматтарды көрсөтүүгө чакырат:
администрациялык имараттын кире беришиндеги туруктуу металл пандусту даярдоо жана орнотуу боюнча кызмат көрсөтүү.
Документтер жана техникалык талаптар ушул суроонун тиркемелеринде берилген.
| Берүү форматы: | Катышуу табыштамасы, коммерциялык сунуштар жана башка документтер табыштамага жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга укугу бар адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтер мөөр менен бекитилип, PDF форматында берилиши керек. |
| Сунуштарды берүү тартиби
|
Катышуучулар орус же кыргыз тилинде катышуу табыштамасын даярдап, керектүү документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук форматта төмөнкү дарекке жөнөтүшү керек: Toibaeva.Meerim@kumtor.kg 2026-жылдын «3» декабры, саат 16:00гө чейин. Башка почтага келип түшкөн коммерциялык сунуштар каралбайт.
Техникалык тапшырма ушул баа суроого тиркелген. |
| Катышуу табыштамасы төмөнкү документтерди камтышы керек: | Коммерциялык сунуш берүүдө төмөнкүлөрдү эске алуу керек:
∙ Аткаруу мөөнөтү; ∙ Кызмат көрсөтүү шарттары; ∙ Төлөө шарттары; ∙ КСтин колдонуу мөөнөтү (максималдуу мөөнөттү көрсөтүүнү суранабыз) |
| 1) Катышууга кызыкдар экенин тастыктаган кат;
2) Ак ниеттүүлүк декларациясы жана коррупцияга каршы эскертме 3) Конкурстук табыштаманы кепилдөөчү декларация 4) Окшош иш тажрыйбасын тастыктаган документтерди берүү; 5) Инженер-ширетүүчүнүн сертификаттарын берүү; 6) Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк жана Устав. 7) Техникалык тапшырмада каралган башка документтер; 8) Коммерциялык сунуш; 9) 3 жылдык референс-тизме. 10) Техникалык тапшырмага ылайык бардык зарыл документтер. |
|
| Баалоо критерийлери: | Тандоодон өттү деп эң төмөн баа жана кызмат көрсөтүүнүн оптималдуу мөөнөттөрү менен сунуш берген катышуучу таанылат. |
| Темасы: «Өткөөл базада коопсуздукту камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүү “Пандус орнотуу”» деп көрсөтүлгөн сунуш Toibaeva.Meerim@kumtor.kg электрондук почтасына 2026-жылдын 3-декабры, саат 16:00гө чейин жөнөтүлүшү керек. | |
| Буйрутмачы каалаган же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле Келишим берилгенге чейин каалаган убакта тандоо процессин жокко чыгарууга укуктуу, мында тиешелүү катышуучулар алдында эч кандай милдеттенме көтөрбөйт. | |
| Коммерциялык сунуш расмий бланкта болушу керек. | |
| Тандоого катышуучулар тарабынан белгиленген мөөнөттөн кеч берилген коммерциялык сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Өз сунушун берүү менен Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макулдугун билдирет. Тандоонун ар бир катышуучусу бир гана коммерциялык сунуш бере алат. Коммерциялык сунуштун колдонуу мөөнөтү кеминде 30 календардык күндү түзүшү керек. Сунуштун колдонуу мөөнөтүндө коммерциялык сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. |
|
| Ушул тандоого байланыштуу бардык суроолор төмөнкү электрондук почта дарегине жөнөтүлүшү керек: Toibaeva.Meerim@kumtor.kg | |
| Тандоонун шарттарын түшүндүрүү боюнча суроолор сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө чейин кеминде 3 календардык күн калганда жөнөтүлүшү керек. | |
Тиркемелер: