Жарыяланган: 24 November 2026
КОНКУРСТУК АРЫЗДАРДЫ ТАПШЫРУУ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 30-ноябры, саат 17:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАКы сиздерди Mack техникасы үчүн запастык бөлүктөрдү жеткирүүгө баа сунуштарын суроого катышууга чакырат.
Коммерциялык сунушта сөзсүз түрдө лоттун номери, кампалык номер, сунушталган бренд, каталогдук номер, ошондой эле жеткирүүнүн/жөнөтүүнүн так даталары көрсөтүлүшү керек.
| Тапшыруу форматы: | Катышуу табыштамасы жана башка документтер табыштамага жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укугу бар адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтерге кол коюлуп, мөөр басылып, PDF форматында берилиши керек (баа таблицасын .xlsx форматында да кошумча берүү зарыл). |
| Сунуштарды берүү тартиби
|
Катышуучулар катышууга табыштамасын орус же англис тилинде берүүгө тийиш. Керектүү документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук түрдө [email protected] электрондук дарегине 2026-жылдын 30-ноябрында саат 17:00гө чейин (Бишкек убактысы менен, GMT+6) жөнөтүшү керек.
Сатып алынуучу запастык бөлүктөрдүн тизмеси тиркелет. |
| Катышууга табыштама төмөнкү документтерди камтышы керек: | Коммерциялык сунуш төмөнкү талаптарды эске алуу менен даярдалышы керек:
∙ Жеткирүү мөөнөттөрү: баалоодо жеткирүү мөөнөтү канчалык кыска болсо, ошончолук артыкчылык берилет. ∙ Жеткирүү шарттары: – Кыргыз Республикасынын резиденттери – DDP Кыргыз Республикасы, Балыкчы ш., Нарын шоссеси, 9. – Кыргыз Республикасынын резидент эместери – FCA, CPT, CIP, ExW, DAP (DAP колдонулганда жеткирүү орду – Кыргыз Республикасы, Балыкчы ш., Нарын шоссесу, 9) жана башкалар. ∙ Төлөм шарттары: алдын ала төлөм/ жеткирүүдөн кийинки төлөм (Алдын ала төлөм каралган учурда, жеңүүчү компания аванстык төлөмдүн өлчөмүнөн кем эмес суммага банктык кепилдик берүүгө милдеттүү. Бул кепилдик сатып алуучу уюмдун банкы тарабынан SWIFT системасы аркылуу ырасталышы зарыл). ∙ Өндүрүүчү жөнүндө маалымат, Part Number (каталогдук номер) жана товардын макамы (оригинал же аналог) көрсөтүлүшү керек. ∙ Коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 60 күндү түзүшү керек. |
| Коммерциялык сунуштун валютасы: | Кыргыз Республикасынын резиденттери: коммерциялык сунуш Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында, башкача айтканда кыргыз сомунда (KGS) берилиши керек.
Кыргыз Республикасынын резидент эместери: коммерциялык сунушту башка чет өлкөлүк валюталарда берүүгө уруксат берилет. |
| Баалоо критерийлери: | Тандоодон төмөнкү талаптарга жооп берген сунуш өткөн болуп эсептелет: эң төмөнкү бааны сунуштаган, техникалык мүнөздөмөлөргө шайкеш келген жана жеткирүүнүн оптималдуу мөөнөттөрүн камсыз кылган сунуш. |
| Буйрутмачы бардык же кандайдыр бир сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле Келишим берилгенге чейин каалаган убакта тандоо процессин токтотууга укуктуу, мында тиешелүү катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме жок. | |
| Коммерциялык сунуш расмий бланкта болушу керек. | |
| Тандоого катышуучулар көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч берген сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Сунушун берүү менен Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макулдугун билдирет. Тандоонун ар бир катышуучусу бир гана конкурстук сунуш бере алат. Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 60 календарлык күн болушу керек. Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтүндө конкурстук сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. |
|
| Ушул конкурска байланыштуу бардык суроолор электрондук почта аркылуу төмөнкү дарекке жөнөтүлүшү керек: [email protected]
(МААНИЛҮҮ! Коммерциялык сунуштарды бул почтага жөнөтпөңүз). |
|
| Тандоонун шарттарын түшүндүрүү боюнча суроолор сунуш берүүнүн акыркы мөөнөтү келгенге чейин 3 календарлык күн мурун жөнөтүлүшү керек. | |
Тиркеме: