ТӨМӨНКҮ ЛОТТОР БОЮНЧА ИШТЕРДИ АТКАРУУ: 1-ЛОТ – «КУМТОР» КЕНИНДЕ АЛТЫН КАЗЫП АЛУУЧУ ФАБРИКАНЫН УЧУРДАГЫ АНАЛИТИКАЛЫК ЛАБОРАТОРИЯСЫНЫН ЖАНА КОШУМЧА БӨЛМӨЛӨРҮНҮН ЖЕЛДЕТҮҮ СИСТЕМАСЫН МОДЕРНИЗАЦИЯЛОО» ДОЛБООРУ БОЮНЧА ЖЕЛДЕТҮҮ СИСТЕМАСЫН ЖЕТКИРҮҮ ЖАНА МОНТАЖДОО; 2-ЛОТ – «КУМТОР» КЕНИНИН АГРЕГАТТЫК ЦЕХИНДЕ ЖЕЛДЕТҮҮ СИСТЕМАСЫНЫН ЖАБДУУЛАРЫН МОНТАЖДОО ЖАНА ИШКЕ КИРГИЗҮҮ-ЖӨНГӨ САЛУУ

ТӨМӨНКҮ ЛОТТОР БОЮНЧА ИШТЕРДИ АТКАРУУ: 1-ЛОТ – «КУМТОР» КЕНИНДЕ АЛТЫН КАЗЫП АЛУУЧУ ФАБРИКАНЫН УЧУРДАГЫ АНАЛИТИКАЛЫК ЛАБОРАТОРИЯСЫНЫН ЖАНА КОШУМЧА БӨЛМӨЛӨРҮНҮН ЖЕЛДЕТҮҮ СИСТЕМАСЫН МОДЕРНИЗАЦИЯЛОО» ДОЛБООРУ БОЮНЧА ЖЕЛДЕТҮҮ СИСТЕМАСЫН ЖЕТКИРҮҮ ЖАНА МОНТАЖДОО; 2-ЛОТ – «КУМТОР» КЕНИНИН АГРЕГАТТЫК ЦЕХИНДЕ ЖЕЛДЕТҮҮ СИСТЕМАСЫНЫН ЖАБДУУЛАРЫН МОНТАЖДОО ЖАНА ИШКЕ КИРГИЗҮҮ-ЖӨНГӨ САЛУУ

Жарыяланган: 20 November 2026

КОНКУРСТУК АРЫЗДАРДЫ ТАПШЫРУУ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 30-ноябры, саат 09:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтор Голд Компани» ЖАК төмөнкү лоттор боюнча иштерди аткарууга смета эсебин камтыган коммерциялык сунуш берүүңүздөрдү суранат:

1-лот – «Кумтор» кенинде алтын казып алуучу фабриканын учурдагы аналитикалык лабораториясынын жана кошумча бөлмөлөрүнүн желдетүү системасын модернизациялоо» долбоору боюнча желдетүү системасын жеткирүү жана монтаждоо;

2-лот – «Кумтор» кенинин агрегаттык цехинде желдетүү системасынын жабдууларын монтаждоо жана ишке киргизүү-жөнгө салуу.

Берүү форматы: Катышуу өтүнмөсү жана башка документтер боюнча өтүнмөгө жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укугу бар адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтер мөөр менен бекитилип, PDF форматында берилиши тийиш. Кол коюучунун ыйгарым укуктары ишеним кат же тиешелүү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен тастыкталышы керек.
Сунуштарды берүү тартиби

 

Коммерциялык сунуш 60 календарлык күн ичинде жарактуу болушу керек.

Суроолор жаралса же кошумча маалымат алуу зарыл болсо, 2026-жылдын 25-ноябрына чейин саат 15–00гө чейин төмөнкү электрондук даректер боюнча байланышсаңыздар болот:

1-лот боюнча – [email protected]

2-лот боюнча – [email protected]

Сатып алуучу уюм өзүнүн көзөмөлүнөн тышкаркы жагдайлардан улам келип чыккан кечигүү үчүн жооптуу болбойт.

Коммерциялык сунуштар орус тилинде берилип, зарыл документтердин көчүрмөлөрү тиркелип, 2026-жылдын 30-ноябрында саат 9:00дөн (Бишкек убактысы боюнча) кечикпестен электрондук түрдө төмөнкү дарекке жөнөтүлүшү керек: [email protected]

Катышуучу берилген Техникалык тапшырмага ылайык сунуш баасын камтыган коммерциялык сунушту берүүгө милдеттенет.

Маанилүү!!! Каттын (сунуштун) өлчөмү 25МБдан ашпашы керек.

Эгерде тиркемелердин өлчөмү 25МБдан ашса, конкурстук өтүнмөнү бөлүктөргө бөлүп, каттын темасында көрсөтүү зарыл:

Булуттук сактагычтардан документтерди жүктөп алуу шилтемелеринин жарактуулук мөөнөтү чектелгендиктен, документтерди булуттук сактагычтарга жүктөө аркылуу жөнөтүү сунушталбайт.

1.     Катышууга кызыкдар экенин тастыктаган кат;

2.     Компания жөнүндө толук маалымат:

3.     Кызмат көрсөтүү үчүн талап кылынган уруксаттар, лицензиялар, сертификаттар (келишимде каралган, лицензиялоого жатуучу бардык ишмердүүлүк түрлөрү боюнча);

-Акыркы 5 жылдагы окшош кызматтар боюнча референс-тизме (Акыркы 5 жылда салыштырмалуу көлөмдөгү жана татаалдыктагы кеминде бир аяктаган объектиси менен, окшош иштерди аткаруу тажрыйбасы кеминде 5 жыл болушу керек);

-Сунуштамалар, пикирлер.

4.     Юридикалык жактын каттоодон өткөнү тууралуу күбөлүгүнүн сканерленген көчүрмөсү;

5.     Негизги ишмердүүлүк түрүн аныктаган документтин (Устав) сканерленген көчүрмөсү, ошондой эле жетекчи кылып дайындоо жөнүндө чечимдин сканерленген көчүрмөсү;

6.     2024–2025-жылдардагы каржылык отчеттуулуктун оригиналынын сканерленген көчүрмөлөрү:

7.     – Катышуучу баасы көрсөтүлгөн, кол жана мөөр (болсо) менен күбөлөндүрүлгөн толтурулган иштердин көлөмүнүн ведомостун берүүгө тийиш. Бул документ жок болгон учурда конкурстук өтүнмө четке кагылат.

Конкурстун катышуучусу көрсөткөн иштердин баасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынуучу бардык чыгымдарды, анын ичинде салыктарды, алымдарды, жыйымдарды жана башка төлөмдөрдү, ошондой эле Келишимде көрсөтүлгөн тейлөө мөөнөтүн жана коштоочу кызматтарды эске алуу менен келишимдик милдеттенмелерди аткаруу боюнча башка чыгымдарды камтышы керек.

Техникалык тапшырмада көрсөтүлгөн коштоочу документтери менен коммерциялык сунушту 2026-жылдын 30-ноябрында саат 9:00дөн (Бишкек убактысы боюнча) кечикпестен электрондук дарекке жөнөтүүңүздөрдү суранабыз: [email protected].
Конкурстук сунуш расмий бланкта болушу керек.
Катышуучулар тарабынан белгиленген мөөнөттөн кийин берилген сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Өз сунушун берүү менен Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макулдугун билдирет.

Ар бир катышуучу бир гана сунуш берүүгө укуктуу.

Сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 60 календарлык күн болушу керек.

Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде конкурстук сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Тандоодон өткөн Катышуучу келишимге кол коюуга чейин келишимдин аткарылышын камсыз кылууну декларация түрүндө берүүгө милдеттүү.
Суроолор жаралса же кошумча маалымат алуу зарыл болсо, 2026-жылдын 25-ноябрына чейин саат 15–00гө чейин төмөнкү электрондук даректер боюнча байланышсаңыздар болот:

1-лот боюнча – [email protected]

2-лот боюнча – [email protected]

Тандоонун шарттарын түшүндүрүү боюнча суроо-талаптар сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү келгенге чейин 3 календарлык күн калганда жөнөтүлүшү керек.

 

Тиркемелер:

  1. БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР