Жарыяланган: 20 November 2026
КОНКУРСТУК АРЫЗДАРДЫ ТАПШЫРУУ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 27-ноябры, саат 14:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча).
Буйрутмачы — «Кумтөр Голд Компани» ЖАК (мындан ары — «КГК») — сизди төмөнкү кызматтарды көрсөтүү боюнча сынакка катышууга чакырат:
Кызмат көрсөтүү мөөнөтү — келишим түзүлгөн учурдан тартып бир жылга чейин, техникалык тапшырманын талаптарына ылайык.
Конкурс сынак документациясынын талаптарына жооп берген бардык потенциалдуу катышуучулар үчүн белгиленген туруктуу бюджет (баалар) шартында квалификация боюнча тандоо ыкмасы менен өткөрүлөт. Аталган кызматтарды көрсөтүүнүн бюджети төмөнкүдөн ашпайт:
Квалификациялык документтерди берүүгө карата негизги талаптар:
Сиздин конкурстук табыштамаңыз 30 календардык күн ичинде күчүндө болууга тийиш. Ушул чакырууга байланыштуу суроолор пайда болгон учурда, катышуучу түшүндүрмө алуу үчүн төмөнкү электрондук дарекке кайрыла алат: [email protected], бирок конкурстук табыштаманы берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга 3 иш күнү калганга чейин кайрылуу керек. Түшүндүрмөлөр суроолор келип түшкөн электрондук почта дарегине, ал алынган учурдан тартып 3 иш күнүнөн кечикпестен жөнөтүлөт.
Тапшыруу үчүн зарыл документтер:
Катышуучулар документтерди бир пакетте тапшырат, ал жогоруда көрсөтүлгөн электрондук почта дарегине жөнөтүлөт.
КГК кошумча тастыктоочу документтерди суроого же берилген маалыматты текшерүүгө укуктуу. Ишенимсиз маалымат аныкталган учурда табыштама четке кагылат.
| Баалоо критерийлери: | Конкурстун бардык талаптарына жооп берген жана суралган документтердин толук топтомун камтыган сунуш тандоодон өткөн деп таанылат. |
| Каттын темасына «Сервис-келишим» деп жазып, сунушту yardkeeper@kumtor.kg электрондук почта дарегине 2026-жылдын 27-ноябры, саат 14:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүү зарыл. | |
| Буйрутмачы каалаган сунушту же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле келишим түзүлгөнгө чейин каалаган убакта тандоо процедурасын жокко чыгарууга укуктуу, мында тиешелүү катышуучулар алдында эч кандай милдеттенмелерди көтөрбөйт. | |
| Конкурстук сунуш расмий бланкта түзүлүшү керек. | |
| Тандоого катышуучулар көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч тапшырган конкурстук сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Өз сунушун берүү менен катышуучу КГКнын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттар менен макул экенин билдирет. Тандоого катышкан ар бир катышуучу бир гана конкурстук сунуш бере алат. Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 30 календардык күндү түзүшү керек. Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү ичинде сунушка өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. |
|
| Ушул конкурска байланыштуу бардык суроолор электрондук почта аркылуу төмөнкү дарекке жөнөтүлүшү керек: Meerim.Toibaeva@kumtor.kg | |
| Тандоо шарттарын түшүндүрүү боюнча суроолор сунушту берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин 3 иш күнүнөн кечикпестен жөнөтүлүшү керек. | |