ИРИ ГАБАРИТТҮҮ ШИНАЛАРДЫ ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА

ИРИ ГАБАРИТТҮҮ ШИНАЛАРДЫ ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА

Жарыяланган: 19 November 2026

КОНКУРСТУК АРЫЗДАРДЫ ТАПШЫРУУ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 30-ноябры, саат 15:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК ири габариттүү шиналарды жеткирүү боюнча катышуусу чектелбеген эки пакеттик конкурска катышууга чакырат.

Лот № Техниканын түрү Өлчөмү Саны
ЛОТ 1 CAT 785C TIRE, 33.00R51 86
ЛОТ 2 CAT 789C TIRE, SIZE 37.00 R57, 242
ЛОТ 3 CAT 789D TIRE, 40.00R57 64
ЛОТ 4 CAT 16M TIRE, 23.5R25 28
ЛОТ 5 CAT 24M TIRE, 29.5R29 26
ЛОТ 6 CAT 834 TIRE, 35/65R33 40
ЛОТ 7 CAT 992 TIRE, 45/65R45 4
ЛОТ 8 CAT 993 TIRE FOR CAT 993 – 50/65R51 4
ЛОТ 9 CAT 777 TIRE, 27.00R49 GOODYEAR (27.00R49 CAT777) 6
ЛОТ 10 FANTUZZI TIRE, 18.00.R33-BRIDGESTONE (FOR FANTUZZI CONTAINER HANDLER) 6

 

Тапшыруу форматы: Катышуу өтүнмөсүнө жана башка документтерге өтүнмөгө жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу жак кол коюшу керек.

Документтерге мөөр басылып, PDF форматында тапшырылышы керек.

Кол коюучунун ыйгарым укуктары ишеним кат же тийиштүү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен ырасталышы керек.

Сунуштарды тапшыруу тартиби

 

Конкурстун катышуучулары конкурстун талаптарына ылайык катышуу өтүнмөсүн орус тилинде даярдап, керектүү документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, аларды электрондук түрдө otr2027@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 30-ноябрында саат 15–00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча, GMT+6) жөнөтүшү керек.

Катышуучу тапшырган бардык тастыктоочу документтердин топтому орус же англис тилдерине которулушу керек.

Техникалык тапшырмалар (мындан ары – ТТ) ушул конкурстук документтерге тиркелген.

Маанилүү!!! Каттын (сунуштун) көлөмү 25МБдан ашпашы керек.

Эгерде тиркемелердин көлөмү 25МБдан ашса, конкурстук өтүнмөнү бөлүктөргө бөлүп, каттын темасында төмөнкүдөй көрсөтүү зарыл:

1. «Квалификациялык жана техникалык сунуштар (катышуучунун аталышы)» 1-бөлүк.

2. «Квалификациялык жана техникалык сунуштар (катышуучунун аталышы)» 2-бөлүк. ж.б.у.с.

Булуттук сактагычтардан документтерди жүктөп алуу шилтемелеринин жарактуулук мөөнөтү чектелгендиктен, документтерди булуттук сактагычтарга жүктөө аркылуу жөнөтүүгө тыюу салынат.

Катышуучунун конкурстук өтүнмөсү эки документтер пакетине бөлүнүшү керек.

Документтердин биринчи пакети:

1. Катышуучунун квалификациялык жана техникалык сунуштары.

Конкурстук өтүнмөнүн баасын же сунуштун баасын ачыкка чыгара турган башка маалыматтарды көрсөтүүгө жол берилбейт. Документтердин биринчи пакетинде сунуштун баасын көрсөткөн катышуучунун конкурстук өтүнмөсү четке кагылууга жатат.

Документтердин экинчи пакети:

2. Каттын темасында төмөнкүнү көрсөтүү зарыл:

«Сунуштун баасы (катышуучунун аталышы)»

Каттын мазмуну сырсөз менен шифрлениши керек.

Катышуучу баалоонун биринчи этабынан өткөн учурда ага сырсөз суралат.

Катышуу өтүнмөсү төмөнкү документтерди камтышы керек: Катышууга кызыкдар экендигин ырастаган кат.
Кеминде 2 (эки) окшош келишимди аткаруу тажрыйбасына ээ болуу. Ырастоочу документтерди милдеттүү түрдө тапшыруу: конкурстук өтүнмөнүн/сунуштун суммасынын кеминде 50% суммасындагы окшош келишимдер, эсеп-фактуралар, мурунку буйрутмачылардан пикирлер жана сунуштамалар. Эгерде Компания жеткирүү келишимдерин алардын купуя мүнөзүнө же коммерциялык сырды ачыкка чыгарбоо боюнча милдеттенмелердин болушуна байланыштуу тапшыра албаса, Компания референс-тизмени тапшырууга милдеттүү.
–          КР резиденттери үчүн – салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карыздын жоктугу/болушу тууралуу маалымкаттын түп нускасынын сканерленген көчүрмөсүн тапшыруу.

–          КР резидент эместери үчүн – резидент эмес жак жайгашкан өлкөнүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык.

–          Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналган катышуучунун баа сунушу Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында – сомдо (KGS) көрсөтүлүшү керек.

2024–2025-жылдардагы каржылык отчеттуулуктун түп нускасынын сканерленген көчүрмөлөрү:

·         Бухгалтердик баланс;

·         Пайда жана зыян жөнүндө отчет;

·         Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет;

·         Капиталдын өзгөрүшү жөнүндө отчет.

Же 2024–2025-жылдардагы Бирдиктүү салык декларациясы.

Катышуучу тарабынан күбөлөндүрүлгөн жетекчинин ыйгарым укуктарын ырастаган документтердин көчүрмөсүн (жетекчини дайындоо жөнүндө буйрук, жетекчини дайындоо жөнүндө катышуучулардын чогулушунун протоколунан көчүрмө, юридикалык жактын жалгыз катышуучусунун чечими) тапшыруу.

Эгерде Катышуучунун атынан башка жак иш алып барса – келишимдерге жана башка документтерге кол коюуга ыйгарым укуктуу жакка берилген мындай ишеним каттын тийиштүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.

Аффилирленгендиктин жоктугу тууралуу жазуу жүзүндөгү ырастоо, ошондой эле алардын бенефициардык ээлери жөнүндө маалымат. №3 тиркеме.

Учурдагы сот териштирүүлөрүнүн бар же жок экендиги тууралуу маалымкат тапшыруу.

Юридикалык жактын/жеке ишкердин каттоо күбөлүгүнүн сканерленген көчүрмөсү.
Негизги ишмердүүлүк түрүн аныктаган документтин (Устав же башка документтер) сканерленген көчүрмөсү (бар болсо).
Ыйгарым укуктуу өкүлдүн колу жана уюмдун мөөрү менен тийиштүү түрдө жасалгаланган, толтурулган тиркемелерди тапшыруу. Баа тууралуу маалыматты камтыган формалар баа сунушу менен бирге документтердин экинчи пакетине киргизилиши керек.
Дилер, дистрибьютор катышкан учурда – өндүрүүчү заводдун авторизациясы.
Сот териштирүүлөрүнө катышуу жөнүндө маалымат. Толтурулган сурамжылоо барагы.
Баалоо критерийлери:              1-пакет. Бардык квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген сунуш тандоодон өттү деп таанылат.
Баалоо критерийлери:                      2-пакет. Товардын жашоо циклинин (жарактуулук убактысы) эске алуу менен эң төмөн бааланган наркы.
Буйрутмачы кандайдыр бир же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле Келишим ыйгарылганга чейин каалаган убакта тандоо процессин токтотууга укуктуу, мында тийиштүү катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме алынбайт.
Конкурстук сунуш жеткирүүчүнүн расмий бланкында болушу керек.
Тандоонун катышуучулары көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин тапшырган конкурстук сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Өз сунушун тапшыруу менен Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттар менен макул экендигин билдирет.

Тандоонун ар бир катышуучусу бир гана конкурстук сунуш бере алат.

Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 90 календарлык күндү түзүшү керек.

Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү ичинде конкурстук сунуштарга өзгөртүү киргизүүгө жол берилбейт.

Тандоодон өткөн катышуучу келишимге кол коюуга чейин келишимдин аткарылышына кепилдик берген декларацияны тапшырууга милдеттүү.
Алдын ала төлөм болгон учурда жеңүүчү компания сатып алуучу уюмдун банкы SWIFT системасы аркылуу ырастаган алдын ала төлөмдүн өлчөмүнөн кем эмес өлчөмдө алдын ала төлөмдү төлөө боюнча банктык кепилдикти тапшырууга милдеттүү.
Ушул конкурска байланыштуу бардык суроолор электрондук почта аркылуу төмөнкү дарекке жөнөтүлүшү керек: [email protected]
Тандоонун шарттарын тактоо боюнча суроолор сунуш берүүнүн акыркы мөөнөтү келгенге чейин 3 календарлык күн мурда жөнөтүлүшү керек.

 

Тиркемелер:

1. Жеткирүүчү конкурстук документтерге (бардык тиркемелерди жана техникалык тапшырманы кошо алганда) толтуруучу формалар жана маалыматтар.