КЕН ИШКАНАСЫН ТЕЙЛӨӨ ЖАНА АТАЙЫН ДОЛБООРЛОР БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ МӨӨНӨТКӨ ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

КЕН ИШКАНАСЫН ТЕЙЛӨӨ ЖАНА АТАЙЫН ДОЛБООРЛОР БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ МӨӨНӨТКӨ ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 18 November 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 2-декабры, саат 16:00 (Бишкек убактысы боюнча).


“Кумтөр Голд Компани” ЖАК  жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында кен ишканасын тейлөө жана атайын долбоорлор бөлүмүнө эки жылга чейинки мөөнөткө такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Курулуш, өнөр жай жана жарандык курулуш, архитектура, имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо, имараттардын жана курулмалардын инженердик системалары жана коммуникациялары, ошондой эле курулуш тармагындагы башка тектеш багыттар боюнча жогорку техникалык билимге ээ болуу;
  • Microsoft Office, AutoCAD жана BIM программалык камсыздоолору менен иштөө боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болуу;
  • Долбоорлоо, курулуш жана курулуш долбоорлорун башкаруу чөйрөсүндө кесиптик билимдерин жана көндүмдөрүн өнүктүрүүгө умтулуу;
  • Жоопкерчилик, аткаруучулук, кылдаттык, командада натыйжалуу иштей билүү жана такшалма программасынын бекитилген графигин так сактоого даяр болуу;
  • Англис тилин билүү артыкчылык болуп саналат.

Милдеттер:

  • Технологиялык жабдуулар жана аларды долбоорлоонун негизги принциптери менен таанышуу;
  • Геодезиянын негиздерин өздөштүрүү;
  • Курулуш тилкесинин устасынын кызматтык милдеттери менен таанышып, аларды өздөштүрүү;
  • Техникалык көзөмөл боюнча инженердин жана пландаштыруу боюнча инженердин негизги функциялары менен таанышуу;
  • Кран чарбасы бөлүмүнүн ишмердүүлүгү менен таанышуу;
  • Талаа шартында иш алып барган адистердин: механиктердин, электриктердин, сантехниктердин жана жыгач усталардын иши менен таанышуу;
  • Оңдоо-курулуш иштерин аткарууга тартылган подряддык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө катышуу;
  • Долбоорлоо үчүн эскиздик схемаларды даярдоого катышуу;
  • Долбоорлоо жана курулуш боюнча техникалык тапшырмаларды түзүүгө катышуу;
  • Курулуш жана оңдоо иштерине керектүү материалдарды буйрутма берүү процессине катышуу;
  • Материалдарды сатып алуу боюнча техникалык тапшырмаларды даярдоого көмөк көрсөтүү;
  • Материалдарга, жабдууларга жана жумуштарды аткарууга байланыштуу буйрутмалардын аткарылыш абалын ыкчам көзөмөлдөөгө катышуу;
  • Курулуп бүткөн объекттер боюнча аткаруу схемаларын даярдоого катышуу;
  • Курулуш-монтаж иштерин жүргүзүү долбоорлорун ППР иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү;
  • Архивдик документациялар менен иш алып барууга көмөк көрсөтүү;
  • Кенди тейлөө жана атайын долбоорлор бөлүмүнүн карамагындагы жабдууларды техникалык тейлөө боюнча оңдоо жана профилактикалык иштерди пландаштырууга катышуу.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма;
  • Такшалманын мөөнөтү – эки жылга чейин;
  • Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени;
  • Такшалма графиги – 14/14.

Тандоого катышуу үчүн:

  • Анкетаны толтуруп, баардык керектүү документтерди 2026-жылдын 2-декабрында 16:00 кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.