ПЕРСОНАЛДЫ БАШКАРУУ ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ МӨӨНӨТКӨ ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 18 November 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 2-декабры, саат 16:00 (Бишкек убактысы боюнча).
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында персоналды башкаруу жана өнүктүрүү бөлүмүнө эки жылга чейинки мөөнөткө такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- жогорку билим жөнүндө диплом төмөнкү багыттар боюнча: экономика, юриспруденция, табигый-техникалык илимдер, психология же эл аралык мамилелер;
- Заманбап программалык-техникалык каражаттарды жана кеңсе оргтехникасын колдонуу көндүмдөрүнө ээ болуу;
- презентацияларды жана видеолорду түзүү үчүн колдонулуучу тиркемелер менен иштөө көндүмдөрү;
- чоң көлөмдөгү маалымат менен иштей билүү, деталдарга көңүл буруу;
- коммуникациялык көндүмдөр;
- жоопкерчилик, тартиптүүлүк, стресске туруктуулук;
- суйлөө тилдерин билүү: кыргыз, орус, англис (милдеттүү эмес, бирок артыкчылык болуп саналат).
Милдеттер:
- Бөлүмдүн кадрдык администрациялоо процесстерине катышуу;
- иш кагаздарын жүргүзүүнүн жана архив ишинин негиздерин билүү;
- бөлүмдүн кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын эсепке алууга жана актуалдаштырууга көмөк көрсөтүү, аларды кайра кароо мөөнөттөрүн көзөмөлдөө жана документтерди макулдаштыруу;
- кызматкерлерди кызматтык нускамалар менен тааныштыруу боюнча эсепти жүргүзүүгө жана көзөмөлдөөгө катышуу;
- кызматкерлердин жеке иштерин эсепке алуу жана жүргүзүү процессине катышуу;
- бөлүмдүн документтеринин электрондук жана кагаз архивин түзүүгө жана жүргүзүүгө жардам берүү;
- бөлүмдүн кирүүчү жана чыгуучу корреспонденциясын эсепке алуу иштерине катышуу;
- түз жетекчинин тапшырмаларын жана көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу;
- ички эмгек тартибинин эрежелерин жана компаниянын жоболорун сактоо;
- кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жана окууга жоопкерчиликтүү мамиле кылуу.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма;
- Такшалма мөөнөтү – эки жылга чейин;
- Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени;
- Такшалма графиги – 14/14.
Тандоого катышуу үчүн:
- Анкетаны толтуруп, баардык керектүү документтерди 2026-жылы 2-декабрында 16.00дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.