ЖЕР АСТЫНДАГЫ КЕН ИШТЕТҮҮ БӨЛҮМҮНӨ (ГЕОЛОГИЯЛЫК БАГЫТ) ЭКИ ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ МӨӨНӨТКӨ ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

ЖЕР АСТЫНДАГЫ КЕН ИШТЕТҮҮ БӨЛҮМҮНӨ (ГЕОЛОГИЯЛЫК БАГЫТ) ЭКИ ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ МӨӨНӨТКӨ ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 11 November 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 25-ноябры, саат 16:00 (Бишкек убактысы боюнча).


“Кумтөр Голд Компани” ЖАК  жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында жер астындагы кен иштетүү бөлүмүнө (геологиялык багыт) эки жылга чейинки мөөнөткө такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Геология, геологиялык чалгындоо же ага байланыштуу адистиктер боюнча жогорку билим;
  • ПК, MS Word жана MS Excel программаларын ишенимдүү деңгээлде билүү;
  • Кыргыз жана орус тилдерин билүү;
  • Жоопкерчилик, тартиптүүлүк, стресске туруктуулук, кылдаттык жана тез үйрөнүү жөндөмдүүлүгү;
  • Документтер менен иштөө көндүмдөрү;
  • Ири көлөмдөгү маалымат менен иштей билүү.

Милдеттер:

  • Геологиялык маалыматтарды чогултууга жана системалаштырууга катышуу;
  • Геологиялык маалыматты иштеп чыгууга жана талдоого көмөк көрсөтүү;
  • Отчеттук документтерди даярдоо жана тариздөө;
  • Картографиялык жана техникалык материалдар менен иштөө;
  • Жардыруу иштеринин негизги түшүнүктөрү жана кен казуунун системалары менен таанышуу;
  • Жардыруу иштеринин негизги түшүнүктөрү менен таанышуу;
  • Инженерлердин долбоорлор боюнча иштери, инфраструктура объектилеринин схемалык чиймелери менен таанышуу;
  • Геологдордун жана гидрогеологдордун иштери менен таанышуу;
  • Бөлүмдүн адистеринин учурдагы долбоорлорунун алкагында берилген тапшырмаларды аткаруу.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма;
  • Такшалманын мөөнөтү – эки жылга чейин;
  • Такшалма өтүү жери – Бишкек шаарындагы кеңсе;
  • Такшалма графиги – 5/2.

Тандоого катышуу үчүн:

  • Анкетаны толтуруп, баардык керектүү документтерди 2026-жылдын 25-ноябрында 16:00 кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.