ЖЕР АСТЫНДАГЫ КЕН ИШТЕТҮҮ БӨЛҮМҮНӨ (ФИНАНСЫ-ЭКОНОМИКАЛЫК БАГЫТЫ) ЭКИ ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ МӨӨНӨТКӨ ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 11 November 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 25-ноябры, саат 16:00 (Бишкек убактысы боюнча).
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында жер астындагы кен иштетүү бөлүмүнө (финансы-экономикалык багыты) эки жылга чейинки мөөнөткө такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Финансы, экономика, бухгалтердик эсеп же ага байланыштуу багыттар боюнча жогорку билим;
- Компьютердик көндүмдөрдү колдонуучунун деңгээлинде билүү (MS Office пакети, Outlook);
- Кыргыз жана орус тилдерин билүү;
- Жоопкерчилик, тартиптүүлүк, стресске туруктуулук, кылдаттык жана тез үйрөнүү жөндөмдүүлүгү;
- Документтер менен иштөө көндүмдөрү;
- Ири көлөмдөгү маалымат менен иштей билүү.
Милдеттер:
- Бухгалтерия бөлүмүнүн ишмердүүлүгү менен таанышуу;
- Бухгалтердик өткөрмөлөрдү даярдоого, маалыматтарды чогултууга жана талдоого көмөк көрсөтүү;
- Документтерди архивдөө;
- Бөлүмдүн учурдагы ишмердүүлүгүнүн алкагында техникалык, административдик жана уюштуруучулук колдоо көрсөтүү.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма;
- Такшалманын мөөнөтү – эки жылга чейин;
- Такшалма өтүү жери – Бишкек шаарындагы кеңсе;
- Такшалма графиги – 5/2.
Тандоого катышуу үчүн:
- Анкетаны толтуруп, баардык керектүү документтерди 2026-жылдын 25-ноябрында 16:00 кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.