“Кумтөр” менен “десанттар” көл жээгин таштандылардан “бошотту”

“Кумтөр” менен “десанттар” көл жээгин таштандылардан “бошотту”

Жарыяланган: 21 May 2012

“Кумтөр” менен “десанттар” көл жээгин таштандылардан “бошотту”Өткөн ишембиде көл жээгинде өзгөчө ишембилик өткөрүлдү. Бороондуу Балыкчынын көл жээктери таштандылардан тазаланды. Мындай демилгени “Next мууну” коомдук уюму көтөрүп чыгып, “Кумтөр Оперейтинг Компани” колдоого алган.

Сезонго даярдык күч

Бишкектен Ысык-Көлдү көздөй күндүн жылмаюусу уйкудан ыкшоолонуп ачылбай жаткан жумулган көздөрүбүздү уялтып ача баштаганда жол алдык. Шаркыраган суу аккан Боом капчыгайында кумурскадай болуп быжыраган кытайлар берметибизге барчу жолду оңдоп жаткан кербези экен. Сезонго даярдык күч экен, биз да аз да болсо салымыбызды кошуп келели деп сапарыбызды уладык. Оңдолуп жаткан жолдор аркылуу жүрүп отуруп Балыкчы шаарына жеттик.

Ыйламак турсун кошок кошкуң келет

Акциянын ачылышын Балыкчы шаарынын мэри Мирлан Бообеков “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” коомчулук менен иштеген адиси Алибек Култаев жана “Next мууну” коомдук уюмунун Балыкчы шаарындагы филиалынын төрагасы Тилек Өмүрбеков ачып беришти. Атайын чогулган окуучулар өздөрүн “тазалык десанттары” деп атап, “Толкун”, “Сейил”, “Алия” аттуу шаардын кум жээктерин тазалоо үчүн 3 топко бөлүнүштү. Аларды мугалимдери жана жергиликтүү тургундар коштоп, баш-көз болушту. Биз дагы алар менен чогу Кыргызымдын бермети – көгүлтүр Ысык-Көлүбүздүн жээгине жөнөдүк. Барганда адамдын жаратылышка кылган мамилесинен улам ыйламак турсун кошок кошкуң келет. Көл жээкте жаткан таштандыларды көргөн сайын “бул жерге адамдар келип эс алганбы же айбандарбы?..” деген ой туулуп жатты. Тазалык десанттары, азаматтар! Анткени алар эч жийиркенбей жана талыкпай, өздөрүнүн короосун тазалагандай эле баш көтөрбөй иштеп жатышты. Кезинде Исхак Раззаков “Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот” дегендей, Ысык-Көл – биздин жүзүбүз. Жакында жайкы эс алуу сезону башталат. Ал таза болсо, чет өлкөдөн келген туристтердин алдында жүзүбүз жарык болуп, Кыргызстандын аброю көтөрүлөт эмеспи. Ошондуктан мындай акция чоң маанигэ ээ.

Иштеген тиштейт

Ишембилик 2 саатан ашыкка уланып, таштанды чогулган каптар жерге-сууга батпай кетти. Ишембилик бүткөн соң “Тазалык десантары” жөө-жалаң “Таза Ысык-Көл – менин берметим!” урааны менен чаң чыгарып мэриянын алдына бара жатышты. Десанттар мэриянын алдына келген сөң коомдун лидери Азамат Жумкадыровго кылган иштери туралуу рапорт беришти. Аларды шаардын борборунда Бишкек жана Алматыда өткөн сынактарда 1-орунду камсыз кылып келген “Кватро” бий тобу бийи менен жылуу тосуп алды. Ишембиликке катышкан Балыкчынын бир катар мектептеринин мугалимдерине демөөрчү тарабынан белектер тапшырылды. Андан кийин ишембиликке катышкан жаштар аянтты курчоого алып, коомдук уюмдун мүчөлөрү ишембиликке гана катышпастан, атайын бий даярдашкан экен, өнөрлөрүн көргөзүп, элге жакшы маанай тартуулашты. Ал эми “Бороонду Балыкчы” “Тамашоу” командасы элдин боорун эзди. Салтанат көгүлтүр шариктерди асманга учуруу менен аяктады.

Тилек Өмүрбеков, “Next мууну” коомдук уюмунун Балыкчы шаарындагы филиалынын төрагасы:
– Бул көгүлтүр шариктердин өңү-түсү көк, Ысык-Көлүбүздү чагылдырат. Көлүбүз ар дайым көгүлтүр, тунук, таза болуп, эч качан булганбай, Ала-Тоонун бермети болуп түбөлүккө кала берсин деп ушул шариктерди асманга кое бердик.

“Көлүбүздү сактабасак, соолуп кетиши мүмкүн”

Балыкчы шаарынын Балдар билим борборунун мугалими Мукамбетова Гүлай:
– Ушундай экологиялык акцияларга “Кумтөр Оперейтинг Компани” каржылык жардам бергенине учурдан пайдаланып ыраазычылыгымды билдирип кетет элем. Эгерде Ысык-Көлүбүздү көздүн карегиндей сактабасак, башка көлдөрдөй болуп соолуп кетиши ыктымал. Кийин бармагыбызды тиштеп калбас үчүн ушундай акцияларды, эл арасында экологиялык жактан агартуу иштерин жүргүзүү зарыл.