ИНСПЕКЦИЯ ЖАНА АНАЛИТИКАЛЫК ЛАБОРАТОРИЯ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ МӨӨНӨТКӨ ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

ИНСПЕКЦИЯ ЖАНА АНАЛИТИКАЛЫК ЛАБОРАТОРИЯ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ МӨӨНӨТКӨ ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 16 October 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 29-октябры, саат 16:00 (Бишкек убактысы боюнча).


“Кумтөр Голд Компани” ЖАК  жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында инспекция жана аналитикалык лаборатория бөлүмүнө эки жылга чейинки мөөнөткө такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт. Программага Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алышат.

Талаптар:

  • Химия, химиялык технология (инженерия), гидротехника, физика, тоо-кен иштери, металлургия багыттары боюнча жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү;
  • Лабораториялык жабдууларды (майдалоочу-талкалоочу орнотмолор, плотномерлер, ж.б.) билүү артыкчылык болуп саналат;
  • Химиялык реагенттер менен иштей билүү;
  • Компьютердик көндүмдөрдү колдонуучу деңгээлинде билүү (MS Office пакети);
  • Аллергиялык оорулардын жоктугу;
  • Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
  • Бийик тоолуу шарттарда иштөөгө даярдык.

Милдеттер:

  • Такшалмадан өтүү мезгилинде дайындалган жооптуу кызматкердин тапшырмаларын аткарат;
  • Инспекция бөлүмүнүн жана аналитикалык лабораториянын ишмердүүлүгүнүн бардык процесстерин үйрөнөт: лабораторияга келип түшкөн геологиялык жана технологиялык үлгүлөрдү каттоо, сорттоо, кургатуу, электик талдоо жүргүзүү жана эритүүгө даярдоо;
  • Топурактын гранулометриялык курамын, тыгыздыгын жана нымдуулугун аныктоо максатында үлгүлөрдү тандап алып, тиешелүү сыноолорду жүргүзөт;
  • Өзүнүн компетенциясынын алкагында жумуш ордундагы иштердин коопсуз жүргүзүлүшүн камсыз кылат;
  • Жеке коргонуу каражаттарын колдонуу боюнча талаптарды сактайт.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма;
  • Такшалманын мөөнөтү – эки жылга чейин;
  • Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени;
  • Такшалма графиги – 14/14.

Тандоого катышуу үчүн:

  • Анкетаны толтуруп, баардык керектүү документтерди 2026-жылдын 29-октябрында 16:00 кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.