Жарыяланган: 29 September 2026
Кумтөр кен жайында ишкананын жетекчилери көчмө стратегиялык жыйынга чогулуп, пландарды тактап, компаниянын мындан аркы өнүгүүсүнүн негизги багыттарын талкуулашты.
Негизги көңүл ресурстарды натыйжалуу башкарууга, өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, логистика менен энергетикага, заманбап технологияларга жана алтын өндүрүүдөгү дүйнөлүк тажрыйбага бурулду.
КГКнын стратегиялык долбоорлору өзүнчө талкууланды. Алардын катарында кен жайдагы жер алдынан кен казуу, Тоголок кенин өздөштүрүү, мурда топтолгон калдыктарды кайра иштетүү, Дөңгөлөктөрдү калыбына келтирүү заводунун иши жана тиешелүү инфраструктураны өнүктүрүү бар.
Мындай жолугушуулар бардык долбоорлорду бир бүтүн система катары кароого, бөлүмдөрдүн ишин шайкеш жүргүзүүгө жана керектүү чечимдерди ыкчам табууга шарт түзөт. Ошол эле учурда жетекчилердин бири-биринин милдеттерин жакшыраак түшүнүп, өз ара байланышын бекемдешине жана күчтүү команданы калыптандырууга өбөлгө болот.