Жарыяланган: 25 September 2026
ТАБЫШТАМАЛАРДЫ БЕРҮҮНҮН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 6-октябры, саат 14:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК жүк ташуучулардын кызматтарын жана атайын техниканы көрсөтүү боюнча бир этаптуу, эки пакеттүү жол-жобо менен өткөрүлүүчү чектөөсүз катышуудагы тендерге катышууга чакырат.
| Берүү форматы: | Катышууга берилүүчү арызга жана ага тиркелген бардык документтерге катышуучунун атынан келишимдик милдеттенмелерди кабыл алууга тиешелүү түрдө ыйгарым укук берилген адам кол коюуга тийиш. Кол коюучунун ыйгарым укуктары ишеним кат же тиешелүү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен ырасталышы зарыл.
Конкурстук сунушту даярдоодон мурда катышуучу Конкурстук арызды даярдоо боюнча нускама (жеткирүүчүлөр үчүн) менен (1-тиркеме) таанышып чыгышы керек. |
| Сунуштарды берүү тартиби
|
Конкурстук сунуш, аны камсыздоо боюнча декларация түрүндөгү сунушту камсыздоо кепилдик каражаты менен бирге берилиши керек.
Конкурстук сунуш 60 календардык күн бою күчүндө болушу зарыл. Кошумча маалыматтарды алуу же конкурстук документтер боюнча түшүндүрмөлөрдү сурап алуу үчүн суроо-талапты [email protected] электрондук дарегине конкурстук арыздарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү бүткөнгө чейин кеминде 3 жумушчу күн мурда жөнөтүү зарыл. Сатып алуучу уюм өзүнүн көзөмөлүнөн тышкаркы жагдайлардан улам келип чыккан кандай болбосун кечигүүлөр үчүн жоопкерчилик тартпайт. Конкурстук талаптарга ылайык таризделген катышууга арызды орус тилинде, талап кылынган документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен, электрондук түрдө [email protected] электрондук дарегине 2026-жылдын 6-октябрында саат 14:00дөн кечиктирбестен жөнөтүүлүшү керек. Конкурс эки этапта өткөрүлөт жана ар бир этап үчүн өзүнчө эки кат даярдалышы керек: Биринчи кат (биринчи этап үчүн) квалификациялык жана техникалык бөлүккө тиешелүү документтер менен бирге берилет. Каттын темасында «Квалификациялык документтер» деп көрсөтүлүшү керек: Техникалык тапшырма ушул конкурстук документтерге тиркелет. Экинчи кат (экинчи этап үчүн) финансылык сунуш менен бирге берилет. Каттын темасында «Финансылык документтер» деп көрсөтүлүшү керек. Катышуучу Буйрутмачы тарабынан берилген Техникалык тапшырмага ылайык арыздын баасын камтыган коммерциялык сунушту берүүгө милдеттенет. |
| Маанилүү!!! | Каттын (сунуштун) көлөмү 25 МБдан ашпоого тийиш.
Эгерде тиркелген файлдардын жалпы көлөмү 25 МБдан ашса, анда конкурстук арыз бөлүктөргө бөлүнүп жөнөтүлүшү керек жана каттын темасында төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: 1. «Квалификациялык жана техникалык сунуштар (катышуучунун аталышы)» 1-бөлүк. 2. «Квалификациялык жана техникалык сунуштар (катышуучунун аталышы)» 2-бөлүк, жана ушул сыяктуу улантылат. Документтерди булуттагы сактагычтар аркылуу жүктөп жөнөтүү сунушталбайт, анткени документтерди жүктөп алуу шилтемелеринин колдонуу мөөнөтү чектелүү болот. Катышуучунун конкурстук арыз эки пакет документтен турушу керек. Биринчи пакеттеги документтер: 1. Катышуучунун квалификациялык жана техникалык сунуштары. Биринчи пакетте сынактык сунуштун баасын же сунуштун наркын ачыкка чыгара турган башка маалыматтарды көрсөтүүгө жол берилбейт. Биринчи пакеттеги документтерде өз сунушунун баасын көрсөткөн катышуучунун сынактык табыштамасы четке кагылат. 1. Сынакка катышууга кызыкдар экендигин тастыктаган кат; 2. Компания жөнүндө кеңири маалымат: 3. Акыркы 2 жылдагы ушул сыяктуу кызматтарды көрсөтүү боюнча референс-баракча; – Сунуш каттар, пикирлер. 4. Юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн сканерленген көчүрмөсү; 5. Ишмердүүлүктүн негизги түрүн аныктаган документтин (Уставдын) сканерленген көчүрмөсү, ошондой эле жетекчи болуп дайындалгандыгы жөнүндө чечимдин сканерленген көчүрмөсү; 6. 2024-2025-жылдар үчүн финансылык отчеттуулуктун түп нускасынын сканерленген көчүрмөлөрү: 7. – Бухгалтердик баланс; – Кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчет; – Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет; – Капиталдын кыймылы жөнүндө отчет; – Бирдиктүү салык декларациясы. 8. Акыркы отчеттук датага карата мамлекеттик органдардын алдында салык төлөмдөрү жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкат; 9. Техникалык тапшырмага ылайык талап кылынган документтерди берүү; Экинчи пакеттеги документтер: 2. Электрондук каттын темасында төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: «Сунуштун баасы (катышуучунун аталышы)» Электрондук каттын мазмуну сырсөз (пароль) менен корголууга тийиш. Катышуучу баалоонун биринчи этабынан өткөн учурда сырсөз андан өзүнчө суралат. – Расмий бланкта даярдалган коммерциялык сунуш, анда иштерди аткаруу мөөнөттөрү жана төлөө шарттары көрсөтүлүшү керек, ошондой эле чыгымдардын деталдуу эсеп-кысабы (калькуляциясы) тиркелүүгө тийиш. · Жеңүүчү болуп кызмат көрсөтүүнүн баасы, сапаты жана мөөнөттөрүнүн эң мыкты айкалышын сунуштаган, ошондой эле Техникалык тапшырманын талаптарына ылайык конкурстук арызды тапшырган катышуучу таанылат. · Конкурстун катышуучусу көрсөткөн жумуштардын наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынуучу бардык салыктарды, бажы төлөмдөрүн, жыйымдарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү, ошондой эле тейлөө мезгилин, келишимде каралган кошумча кызматтарды жана келишимдик милдеттенмелерди аткарууга байланыштуу башка бардык чыгымдарды камтууга тийиш. |
| Валюта | · Резиденттер коммерциялык сунушту чет өлкө валютасынын курсуна байланыштырылбаган улуттук валютада берүүгө тийиш.
· Резидент эмес катышуучулар коммерциялык сунушту каалаган валютада берүүгө укуктуу. |
| Баалоо критерийлери: | · Тандоодон өткөн сунуш болуп бардык квалификациялык талаптарга жооп берген жана талап кылынган документтердин толук пакетин тапшырган катышуучунун сунушу таанылат.
· Келишимдин аткарылышын кепилдик камсыздоо (ГОИД) – келишим боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу үчүн жеткирүүчүгө карата конкурстук документтерде каралган талап болуп саналат жана конкурстун жеңүүчүсү тарабынан Декларация түрүндө таризделет. |
| «Кызмат көрсөтүү» деген теманы көрсөтүү менен сунуштарды 2026-жылдын 6-октябры саат 14:00дөн кечиктирбестен төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүү зарыл: [email protected] | |
| Буйрутмачы кандай болбосун бир сунушту же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле Келишимди ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин каалаган убакта тандоо жол-жобосун жокко чыгарууга укуктуу. Мында ал тиешелүү катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме же жоопкерчилик тартпайт. | |
| Сынактык сунуш расмий бланкта даярдалып жана берилүүгө тийиш. | |
| Белгиленген акыркы мөөнөттөн кийин келип түшкөн коммерциялык сунуштар кабыл алынбайт жана кароого жатпайт.
Коммерциялык сунушту берүү фактысы Катышуучунун ушул документте белгиленген бардык талаптар жана шарттар менен толук жана шартсыз макулдугун ырастайт. Тандоонун ар бир катышуучусу бир гана коммерциялык сунуш берүүгө укуктуу. Коммерциялык сунуш берилген күндөн тартып кеминде 60 календардык күн бою күчүндө болууга тийиш. Коммерциялык сунуш күчүндө болгон мезгил ичинде ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө жол берилбейт. |
|
| Участник, прошедший отбор, перед подписанием договора обязан предоставить гарантию исполнения договора в виде декларации. | |
| Ушул конкурс боюнча бардык суроолор төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүүгө тийиш: [email protected] | |
| Тандоонун шарттары боюнча түшүндүрмө берүү жөнүндө суроо-талаптар коммерциялык сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө чейин кеминде 3 календардык күн мурда жөнөтүлүүгө тийиш. | |
Тиркемелер: