IT (МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫН) ТОВАРЛАРЫН ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА

IT (МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫН) ТОВАРЛАРЫН ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА

Жарыяланган: 08 September 2026

АРЫЗ БЕРҮҮ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 14-сентябры, саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК техникалык тапшырмаларга ылайык IT (маалыматтык технологиялардын) товарларын жеткирүү боюнча котировкаларды суроо ыкмасы менен өткөрүлүп жаткан конкурсқа катышууңузду чакырат.

Тапшыруу форматы: Конкурстук сунушка жана башка документтерге конкурстук сунушка жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга укугу бар адам тарабынан кол коюлушу керек.

Документтер мөөр менен бекитилип, PDF форматында тапшырылышы керек. Кол коюу укугу ишеним кат же тиешелүү документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен тастыкталышы керек..

Сунуштарды

тапшыруу тартиби

 

Конкурстун катышуучулары конкурстун талаптарына ылайык сунуштарын орус тилинде жана тиешелүү документтердин көчүрмөлөрүн электрондук түрдө [email protected] электрондук дарегине 2026-жылдын 14-Сентябрь саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүү керек.

Башка почтага келип түшкөн конкурстук табыштамалар каралбайт.

Сатып алынуучу товарлардын тизмеси ушул конкурстук документацияга тиркелет.

Катышууга табыштама төмөнкү документтерди камтышы керек: Коммерциялык сунуштарда төмөнкүлөр эске алынышы керек:

∙ Жеткирип берүү мөөнөтү

∙ Жеткирип берүү шарттары

∙ Төлөө шарттары

∙ КСтин жарамдуулук мөөнөтү (минималдуу 30 күн)

Кыргыз Республикасынын резиденттеринен түшкөн коммерциялык сунуштар Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында (KGS) берилиши керектигин эске алыңыз.

Баалоо критерийлери:

 

Жеңүүчү катары техникалык тапшырмадагы товардын техникалык сүрөттөмөсүнө шайкеш келген жана эң төмөн бааны сунуштаган коммерциялык сунуш (КС) берген сунуш таанылат.
Сунуштар төмөнкү [email protected] электрондук дарегине 2026-жылдын 14-Сентябрь саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүү керек.
Буйрутмачы келишимди ыйгаруу алдында каалаган же бардык сунуштарды кабыл алууга же

четке кагууга, ошондой эле тандоо процессин каалаган убакта токтотууга укуктуу жана бул

үчүн катышуучулар алдында эч кандай милдеттенмелерди албайт.

Конкурстук сунуш расмий бланкта даярдалышы керек.
Тандоонун катышуучулары тарабынан белгиленген мөөнөттөн кийин берилген конкурстук табышмалар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Өз сунушун тапшыруу менен, катышуучу Буйрутмачынын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга өз макулдугун берет.

Тандоонун ар бир катышуучусу ар бир лот үчүн бир гана сунуш бере алат.

Сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек.

Конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү бүткөндөн кийин аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

«Эгер Жеткирип берүүчү КСти биринчи жолу тапшырып жаткан болос жана мурда аккредитациядан өтпөгөн болсо, анда катышуучу төмөндөгү шилтемеде көрсөтүлгөн документтердин топтомун берүүгө тийиш –

Сатып алуу жол-жоболорунун катышуучулары тарабынан берилүүчү документтердин тизмеси.

Кантип жеткирип берүүчү болсом болот | Кумтөр Голд Компани

Бул конкурс боюнча бардык суроолор [email protected] / [email protected] электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек.
Тандоонун шарттарын тактоо боюнча суроолор сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтүнөн 2 календардык күн мурун жөнөтүлүшү керек.

 

Тиркемелер:

БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР