Жарыяланган: 07 September 2026
АРЫЗ БЕРҮҮ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 14-сентябры, саат 17:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Сизди жеке коргонуу каражаттарын жана жол коопсуздугу каражаттарын жеткирүү боюнча баа сунуштарын суроо жол-жобосуна катышууга чакырат.
| Товарлардын тизмеси:
|
№1 лот (бөлүнүүчү) Техникалык тапшырмалар тиркемеде берилген.
1. Жеке коргонуу каражаттары №2 лот (бөлүнүүчү) Техникалык тапшырмалар тиркемеде берилген. 2. Атайын кийимдер №3 лот (бөлүнбөйт) 3. Жол коопсуздугу каражаттары |
| Берүү форматы: | Катышууга табыштама жана башка документтер табыштамага жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтерге кол коюлуп, PDF форматында берилиши керек. |
| Сунуштарды берүү тартиби
|
Эгерде тандоого катышуучулар мурда «Кумтөр Голд Компани» ЖАК үчүн товарларды жеткирип беришпеген болсо, төмөнкүлөрдү аткарышы керек:
1) Квалификациядан жана аккредитациядан өтүшү керек. Документтерге шилтеме: https://www.kumtor.kg/ru/informacziya-dlya-postavshhikov/ 2) Конкурстун талаптарына ылайык орус тилиндеги катышуу табыштамасын даярдап, зарыл болгон документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук түрдө [email protected] электрондук дарегине 2026-жылдын 14-сентябры саат 17:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүшү керек. |
| Катышуу табыштамасы төмөнкү документтерди камтышы керек:
Валюта: |
Жеткирип берүүчүлөрдү тандоого катышуу үчүн берилген коммерциялык сунуш төмөнкү документтерди камтышы керек:
· товардын аталышы; · техникалык баяндама (сүрөтү менен); · бардык салыктарды жана Сатып алуучунун кампасына чейин жеткирүүнү кошкондогу баасы; · жеткирүү мөөнөтү; · төлөө шарттары; · сапат сертификаты; · ЕАЭБ сертификаты; · техникалык тапшырмада көрсөтүлгөн талаптарга ылайык сертификаттар; · коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү сунуш берилген күндөн тартып кеминде 30 календардык күндү түзүшү керек. Резиденттер коммерциялык сунушту улуттук валютада, чет өлкөлүк валютанын курсуна байланыштырылбастан бериши керек. Резидент эместер коммерциялык сунушту каалаган валютада берүүгө укуктуу. · Милдеттүү түрдө: сунушталган товарга сертификат берүү керек. Эгерде жеткирилип берилүүчү товар үчүн алдын ала төлөм жүргүзүлсө, Жеткирип берүүчү Келишимге кол коюлган учурда КГКнын эсептик эсебине акча каражаттарын которуу жолу менен Келишимдин жалпы суммасынын 10% (он пайыз) өлчөмүндө Келишимдин аткарылышын камсыздоо кепилдигин берүүгө милдеттенет. Эгерде 100% кийинки төлөм каралган болсо, Жеткирип берүүчү Келишимге кол коюлган учурда конкурстук табыштаманын аткарылышын кепилдөөчү Декларацияны (Чакырууга №1 тиркеме) берет. |
| Баалоо критерийлери: | Техникалык тапшырмадагы товардын техникалык баяндамага ылайык келген жана эң төмөнкү бааны сунуштаган коммерциялык сунуш жеңүүчү деп табылат. |
| «Siz_september@kumtor.kg» деген теманы көрсөтүү менен сунуштарды «Siz_september@kumtor.kg» электрондук дарегине 2026-жылдын 14-сентябры саат 17:00гө чейин жөнөтүү керек. | |
| Буйрутмачы кандайдыр бир же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле келишимди ыйгарууга чейин тандоо жол-жобосун каалаган убакта токтотууга укуктуу жана мында тиешелүү катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме тартпайт. | |
| Коммерциялык сунуш расмий бланкта даярдалышы керек. | |
| Белгиленген мөөнөттөн кеч берилген коммерциялык сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Сунушун берүү менен катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экендигин ырастайт. Тандоого ар бир катышуучу бир гана коммерциялык сунуш бере алат. Коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 30 календардык күндү түзүшү керек. Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде коммерциялык сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. |
|
| Ушул тандоого байланыштуу бардык суроолор төмөнкү электрондук почта дарегине жөнөтүлүшү керек: [email protected]. | |
| Тандоонун шарттарын түшүндүрүү боюнча суроо-талаптар сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө чейин кеминде 2 календардык күн мурда жөнөтүлүшү керек. | |
Тиркемелер: