КӨРСӨТҮЛГӨН ТОВАРЛАРДЫ ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА: ҮЛГҮ АЛУУ ҮЧҮН БАШТЫКТАР, ӨНӨР ЖАЙЛЫК КИР ЖУУГУЧ МАШИНА, ЖАЛЮЗИ, СУУ ТАЗАЛООЧУ ТҮЗҮЛҮШ, БРЕНДДИК ПРОДУКЦИЯ

КӨРСӨТҮЛГӨН ТОВАРЛАРДЫ ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА: ҮЛГҮ АЛУУ ҮЧҮН БАШТЫКТАР, ӨНӨР ЖАЙЛЫК КИР ЖУУГУЧ МАШИНА, ЖАЛЮЗИ, СУУ ТАЗАЛООЧУ ТҮЗҮЛҮШ, БРЕНДДИК ПРОДУКЦИЯ

Жарыяланган: 31 July 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 7-августу, саат 15:00 (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (мындан ары – Буйрутмачы) укуктуу жеткирүүчүлөрдү техникалык тапшырманын талаптарына ылайык төмөнкү товарларды жеткирүү боюнча баа сунуштарын сурап алуу жол-жобосуна катышууга чакырат: Үлгү алуу үчүн баштыктар, өнөр жайлык кир жуугуч машина, жалюзи, суу тазалоочу түзүлүш, бренддик продукция.

Товарлардын тизмеси Excel таблицада берилген (ар бир позиция өзүнчө каралат).

Жалпы талаптар

  1. Сунушка келишим боюнча коммерциялык сунуштарга жана милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам кол коюшу керек, ошондой эле уюмдун мөөрү (эгер бар болсо) басылышы керек.
  2. Документтерди тапшыруу форматы — PDF.
  3. Каттын темасы төмөнкүдөй болуш керек:
    «Жеткирүүгө баа сунуштарына суроо-талап [компаниянын аты]»
  4. Сунушту төмөнкү электрондук дарекке жиберүү керек:
    zaproskotirovok@kumtor.kg
  5. Эгерде “Кумтөр Голд Компани” ЖАКка жеткирүү боюнча тажрыйба жок болсо, анда шилтемедеги документтерди толтуруу менен квалификация/аккредитациялоо жол-жобосунан өтүү керек: https://www.kumtor.kg/ru/informacziya-dlya-postavshhikov/

Коммерциялык сунуш уюмдун расмий бланкында берилиши керек.

Сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү

2026-жылдын 07-августунда саат 15:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча).

Сунуштун курамы

Сунушта төмөнкүлөрдү белгилөө керек:

  1. Кимге: «Кумтөр Голд Компани» ЖАК;
  2. Кимден: катышуучу компаниянын толук аталышы;
  3. Байланыш маалыматы: юридикалык дареги, телефон, жооптуу адамдын e‑mail дареги;
  4. Сунушту даярдоо күнү, кол коюу жана мөөр басуу;
  5. Сунушталган товардын аталышы;
  6. Товардын техникалык сүрөттөмөсү жана фотографиялары;
  7. Товардын бирдигинин баасы, анын ичинде бардык колдонулуучу салыктар жана «КГК» ЖАКтын кампасына жеткирүү;
  8. Жеткирүү дареги: Бишкек ш., Ибраимов көч., 24, «КГК» ЖАКтын кампасы/Балыкчы ш., Нарын шоссеси, 9, станциянын коду 721900;
  9. Сунуштун жарактуулук мөөнөтү (30 календардык күндөн кем эмес);
  10. Товрады жеткирүү мөөнөтү;
  11. Төлөм шарттары: 100% кийин төлөө же алдын ала төлөө учурунда алдын ала төлөө суммасына банк кепилдигин берүү.

Бул Чакырууга байланыштуу суроолор пайда болгон учурда, катышуучу    түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн Zarina.Andasheva@kumtor.kg электрондук дареги боюнча Буйрутмачыга кайрыла  алат.

 

БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР