Жарыяланган: 30 July 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 17-августу, саат 12:00 (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Сизди курулуш материалдарын (эшиктер, эшик жабгычтар, сантехника) жеткирүү боюнча баа сунуштарын суроо аркылуу жеткирүүчүлөрдү тандоо процессине катышууга чакырат.
Сунуштарды берүү форматы
Баалык сунуш (мындан ары – БС) PDF форматында берилиши жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек.
Сунуштарды берүү тартиби
Тандоого катышуучулар төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:
Жеткирүүчүлөрдү тандоого катышуу үчүн коммерциялык сунуш төмөнкү документтерди камтууга тийиш:
Жеткирүү орду
DDP, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын кампасы:
Коммерциялык сунуштарды баалоо критерийлери
Сыпаттамага толук жооп берген жана эң төмөнкү бааны сунуштаган катышуучу жеңүүчү деп табылат.
Тема сабында «R29304 суроо-талабы (эшиктер, эшик жабгычтар, сантехника)» деп көрсөтүлгөн сунуштар Akram.Mirkarimov@kumtor.kg жана Erik.Jumabaev@kumtor.kg электрондук даректерине 2026-жылдын 17-августунда саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүлүшү керек.
Заказчы кандайдыр бир же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле келишим ыйгарылганга чейин каалаган убакта тандоо процессин токтотууга укуктуу жана бул үчүн баалык сунуш берген катышуучулар алдында эч кандай милдеттенме тартпайт.
Баалык сунуш ишкананын расмий бланкында даярдалып, кол коюлуп жана мөөр менен күбөлөндүрүлүшү керек.
Белгиленген мөөнөттөн кеч берилген баалык сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Катышуучу өз сунушун берүү менен ушул талаптарда көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экендигин тастыктайт.
Ар бир катышуучу бир гана баалык сунуш бере алат.
Баалык сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек.
Тандоо мөөнөтүнүн ичинде баалык сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
Ушул тандоо боюнча бардык суроолорду төмөнкү электрондук даректерге жөнөтүү керек: Akram.Mirkarimov@kumtor.kg жана Erik.Jumabaev@kumtor.kg
Тандоонун шарттары боюнча түшүндүрмө алуу үчүн суроо-талаптар сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө чейин кеминде 3 календардык күн мурда жөнөтүлүшү керек.