Жарыяланган: 21 July 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 28-июлу, саат 12:00 (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК сизди өлчөө шаймандарын жеткирүү боюнча баа сунуштарын сурап алуу жолу менен жеткирүүчүлөрдү тандоо процессине катышууга чакырат.
Сунуштарды берүү форматы
Баалык сунуш (мындан ары – БС) PDF форматында берилиши жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу жак тарабынан кол коюлушу керек.
Сунуштарды берүү тартиби
Тандоого катышуучулар төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:
Жеткирүүчүлөрдү тандоого катышуу үчүн берилүүчү коммерциялык сунуш төмөнкү документтерди камтууга тийиш:
Жеткирүү орду
DDP, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын кампасы:
Коммерциялык сунуштарды баалоо критерийлери
Сыпаттамага толук жооп берген жана эң төмөнкү бааны сунуш кылган катышуучунун сунушу жеңүүчү деп табылат.
«R29288 суроо-талап (өлчөө шайманы)» деген тема менен сунуштарды Akram.Mirkarimov@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 28-июлу, саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүү зарыл.
Буйрутмачы кандайдыр бир же бардык сунуштарды кабыл алуу же четке кагуу, ошондой эле келишим түзүлгөнгө чейин каалаган убакта тандоо процессин токтотуу укугуна ээ. Мында ал баалык сунуш берген катышуучулар алдында эч кандай милдеттенме тартпайт.
Баалык сунуш ишкананын расмий бланкында таризделип, кол коюлуп жана мөөр басылышы керек.
Белгиленген мөөнөттөн кеч берилген баалык сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Сунуш берүү менен катышуучу талаптарда көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экендигин ырастайт.
Ар бир катышуучу бир гана баалык сунуш бере алат.
Баалык сунуштун жарактуу мөөнөтү кеминде 30 календардык күндү түзүшү керек.
Тандоо мөөнөтү ичинде берилген баалык сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
Ушул тандоого байланыштуу бардык суроолор төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек: Akram.Mirkarimov@kumtor.kg
Тандоонун шарттарын тактоо боюнча суроо-талаптар сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө чейин кеминде 3 календардык күн мурда жөнөтүлүшү керек.