Жарыяланган: 17 July 2026
Кыргызстанда июль айынын үчүнчү жекшембисинде жыл сайын металлургдар күнү белгиленет. Быйыл дагы Кумтөрдүн ынтымактуу чоң жамааты бул күндү зор ийгиликтер менен тосууда.
Металлургдар күнү жалпы кумтөрчүлөрдүн майрамы. Анткени, алтын өндүрүү ишинде ар биринин салымы өзгөчө.
Кумтөр бул – геологдон металлургга, айдоочудан ашпозчуга чейин бир максатты көздөгөн кесипкөй адистердин бекем жана ынтымактуу чоң үй-бүлөсү.