КУМТӨР 2026-ЖЫЛДЫН 6 АЙЫНДА ӨЛКӨ БЮДЖЕТИНЕ 19 МЛРД СОМ КОТОРДУ

КУМТӨР 2026-ЖЫЛДЫН 6 АЙЫНДА ӨЛКӨ БЮДЖЕТИНЕ 19 МЛРД СОМ КОТОРДУ

Жарыяланган: 16 July 2026

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому быйылкы жылдын алгачкы 6 айында Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр түрүндө 19 млрд сом которду.

Компаниянын жалгыз акционери болгон «Кыргызалтын» ачык акционердик коомуна 300 млн АКШ доллары өлчөмүндө дивиденд төлөндү.

Компаниянын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнөн түшкөн кирешеси 2026-жылдын 6 айында 732 млн 725 миң АКШ долларын түздү.

Ал эми компаниянын таза пайдасы бул мезгил ичинде 418 млн 937 миң АКШ долларына жетти.