Жарыяланган: 08 July 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 17-июлу, саат 12:00 (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Сизди майды эсепке алуу үчүн эсептегичти жеткирүү боюнча баа сунуштарын суроо жолу менен өткөрүлүүчү жеткирүүчүлөрдү тандоого катышууга чакырат.
Сунуш берүү форматы
Баалык сунуш (мындан ары – БС) PDF форматында берилиши жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек.
Сунуштарды берүү тартиби
Тандоого катышуучулар төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:
Жеткирүүчүлөрдү тандоого катышуу үчүн берилүүчү коммерциялык сунуш төмөнкү документтерди камтууга тийиш:
Жеткирүү орду
DDP, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын кампасы:
Коммерциялык сунуштарды баалоо критерийлери
Сыпаттамага толук жооп берген жана эң төмөнкү бааны сунуштаган катышуучу жеңүүчү деп табылат.
«Сурам, сток 00.01.886 (майды эсепке алуу үчүн эсептегич)» деген темадагы сунуштарды Akram.Mirkarimov@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 17-июлунда Бишкек убактысы боюнча саат 12:00гө чейин жөнөтүү зарыл.
Заказчы кандайдыр бир сунушту же бардык сунуштарды кабыл алуу же четке кагуу, ошондой эле Келишим ыйгарылганга чейин тандоо процессин каалаган убакта токтотуу укугуна ээ жана бул үчүн баалык сунуш берген катышуучулар алдында эч кандай милдеттенме тартпайт.
Баалык сунуш ишкананын расмий бланкында, кол коюлуп жана мөөр басылып таризделиши керек.
Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч берилген баалык сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Сунуш берүү менен катышуучу талаптарда көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экендигин билдирет.
Ар бир катышуучу бир гана баалык сунуш бере алат.
Баалык сунуштун жарактуу мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек.
Тандоо өткөрүлүп жаткан мөөнөттө баалык сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
Бул тандоо боюнча бардык суроолор төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек: Akram.Mirkarimov@kumtor.kg
Тандоонун шарттарын түшүндүрүү боюнча суроо-талаптар сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө чейин кеминде 3 календардык күн мурда жөнөтүлүшү керек.