КЕРНДИ ГЕОТЕХНИКАЛЫК ДОКУМЕНТТЕШТИРҮҮ БОЮНЧА КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ (СЕРВИС-КЕЛИШИМДИН НЕГИЗИНДЕ)

КЕРНДИ ГЕОТЕХНИКАЛЫК ДОКУМЕНТТЕШТИРҮҮ БОЮНЧА КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ (СЕРВИС-КЕЛИШИМДИН НЕГИЗИНДЕ)

Жарыяланган: 01 July 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 9-июлу, саат 11:00 (Бишкек убактысы боюнча).


ЭКИ ПАКЕТТҮҮ ЧЕКТӨӨСҮЗ КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН ЧАКЫРУУ

Сатып алуу предмети: Кернди геотехникалык документтештирүү боюнча кызмат көрсөтүү (сервис-келишимдин негизинде).

  1. Керндин геотехникалык документтештирүү боюнча кызмат көрсөтүү

Документтерди тапшыруу талаптары

  1. Бардык документтер PDF форматында жана орус тилинде берилет.

Электрондук почта дареги: geoservice2026@kumtor.kg  2026-жылдын 09 июль, саат 11:00 (Бишкек убактысы боюнча)

2. Бир каттын көлөмү 25 MB ашпоого тийиш.

Тапшырууга зарыл документтер:

  1. №1 тиркеме — Адалдык декларациясы жана коррупцияга каршы оговорка
  2. №2 тиркеме — Конкурс өтүнүчүн кепилдеген декларация
  3. Катышуучунун анкета (№3 тиркеме)
    3-тиркемеде документтердин пакети кайсы кызматка берилип жатканын сөзсүз көрсөтүү зарыл.
  4. ID-картанын скан көчүрмөсү
  5. ИП күбөлүгү (болсо) жана салык карызы жоктугу тууралуу маалымкат
  6. Соттолбогондугу тууралуу маалымкат
  7. Кызмат багыты боюнча күбөлүк
  8. Квалификацияны тастыктаган сертификаттар

Тапшыруу форматы

Документтер эки пакетте бир убакта тапшырылат:

  • Пакет №1 — квалификациялык жана техникалык сунуш (парольсуз)
  • Пакет №2 — коммерциялык сунуш (1 сааттык бааны көрсөтүү керек, документ парол менен корголгон; пароль заказчынын суроосу боюнча берилет)

Кошумча маалымат

  • Суроолорду Adilet.Turganbaev@kumtor.kg  дарегине акыркы мөөнөттөн 3 жумуш күн мурун жөнөтүңүз.
  • Заказчик талаптарга жооп бербеген арыздарды четке кагуу укугун сактап калат.
  • Мөөнөт узартылса, маалымат https://www.kumtor.kg/ru/ сайтында жарыяланат.

Катышуучулар документтерди эки өзүнчө пакетте беришет, бул учурда эки пакет тең жогорудагы почтага бир убакта берилет:

КГК кошумча тастыктоочу документтерди суроого же берилген маалыматты текшерүүгө укуктуу. Так эмес маалымат аныкталса, арыз четке кагылат.

  1. Ушул Чакыруу боюнча суроолор болсо, катышуучу квалификациялык документтерди берүүнүн акыркы мөөнөтү бүткөнгө чейин 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен Adilet.Turganbae@kumtor.kg электрондук дарегине кайрылып, тактоолорду ала алат. Тактоолор суроо-талап алынган электрондук почта аркылуу суроо-талап алынган күндөн тартып 3 (үч) календардык күндөн кечиктирбестен кайрылган жеткирүүчүгө жөнөтүлөт.
  2. Документтерди берүү мөөнөтү аяктагандан кийин, катышуучулар өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду киргизе алышпайт.
  3. Тандоо катышуучулары тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттөрдөн кечирээк берилген сынак сунуштары кабыл алынбайт жана каралбайт. КГК талаптарга жооп бербеген ар кандай арызды четке кагууга укуктуу. Документтерди берүү сатып алуу процедурасынын кийинки этаптарына катышууга кепилдик бербейт. Эгерде ушул Чакырууга өзгөртүүлөр киргизилсе, Заказчик квалификациялык документтерди берүүнүн акыркы мөөнөтүн кийинки мөөнөткө жылдырышы мүмкүн, бул тууралуу Заказчик ушул сынак өткөрүү жөнүндө жарыяланган жерде, Заказчиктин расмий сайтында https://www.kumtor.kg/ru/ тиешелүү маалыматты жайгаштыруу аркылуу маалымдайт.

 

БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР