ЖАБДУУЛАРГА КОМПЛЕКСТҮҮ ТЕХНИКАЛЫК ЭКСПЕРТИЗА ЖҮРГҮЗҮҮ ЖАНА ӨНӨР ЖАЙ КООПСУЗДУГУНА БАА БЕРҮҮ БОЮНЧА

ЖАБДУУЛАРГА КОМПЛЕКСТҮҮ ТЕХНИКАЛЫК ЭКСПЕРТИЗА ЖҮРГҮЗҮҮ ЖАНА ӨНӨР ЖАЙ КООПСУЗДУГУНА БАА БЕРҮҮ БОЮНЧА

Жарыяланган: 10 June 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 18-июну, саат 14:00 (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берген катышуучуларды (анын ичинде чет өлкөлүк юридикалык жактарды) тиркелген Техникалык тапшырманын талаптарына ылайык жабдууларга комплекстүү техникалык экспертиза жүргүзүү жана өнөр жай коопсуздугуна баа берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө чектелген катышуусу бар конкурска катышууга чакырат.

Экспертиза 2026-жылдын 10-майындагы Boart Longyear LF‑90D бургулоочу орнотмосунун айланткыч түйүнү бузулган окуянын себептерин аныктоо, ошондой эле жабдуунун техникалык абалынын өнөр жай коопсуздугунун талаптарына жана пайдалануу документтерине шайкештигин баалоо максатында жүргүзүлөт.

Катышуучуларга коюлуучу негизги талаптар

Төмөнкү талаптарга жооп берген КРнын резиденттери жана резидент эместер катыша алышат:

  • бургулоо жабдуулары жаатында квалификацияга ээ болсо;
  • колдонуудагы Boart Longyear сервис-инженеринин сертификатына ээ болсо (милдеттүү талап);
  • ушуга окшош экспертизаларды жүргүзүү боюнча ырасталган тажрыйбага ээ болсо;
  • эксперттик корутундунун көз карандысыздыгын жана объективдүүлүгүн камсыз кылса;
  • тиешелүү иштерди аткаруу үчүн зарыл болгон уруксат берүүчү документтерге ээ болсо.

Чет өлкөлүк катышуучулар үчүн кошумча түрдө:

  • эквиваленттүү лицензияларды, аккредитацияларды жана уруксаттарды берүүгө жол берилет;
  • документтер орус же англис тилине котормосу менен берилүүгө тийиш;
  • зарыл болгон учурда документтер легалдаштырылууга же апостил коюлууга тийиш.

Иштерди аткаруу мөөнөттөрү

  • иштердин башталышы — келишим түзүлгөн күндөн тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен;
  • талаа этабы — 2 жумушчу күнгө чейин;
  • жыйынтык эксперттик корутунду берүү — иштер башталган күндөн тартып 10 жумушчу күндөн кечиктирбестен.

Конкурстук табыштамаларды берүү

Конкурстук табыштамалар электрондук түрдө төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: teh.expertiza2@kumtor.kg

Табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 18-июну, саат 14:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча).

Конкурстук табыштаманын колдонуу мөөнөтү — 60 календардык күн.

Табыштама декларация түрүндөгү кепилдик камсыздоо менен коштолууга тийиш.

Түшүндүрмөлөрдү алуу

Катышуучулар түшүндүрмө алуу боюнча суроолорду төмөнкү дарекке жөнөтүүгө укуктуу: Asel.Abdyldaeva@kumtor.kg

Суроолорду жөнөтүүнүн мөөнөтү — табыштамаларды берүүнүн мөөнөтү аяктаганга чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен.

Документтердин тизмеси

Катышуучу төмөнкүлөрдү берет:

  • кызыгуусун билдирген кат (№2 Тиркеме);
  • каттоо жана уюштуруу документтери;
  • финансылык отчеттуулук:

КР резиденттери үчүн — 2024–2025-жж. үчүн же салык декларациясы;

резидент эместер үчүн — 2023–2025-жж. үчүн же эквиваленттүү документтер;

  • ак ниеттүүлүк жөнүндө декларация (№3 Тиркеме);
  • конкурстук табыштаманын аткарылышын кепилдеген декларация (№4 Тиркеме);
  • адистердин квалификациясы жөнүндө маалыматтар (№5 Тиркеме);
  • коммерциялык сунуш (баасы, мөөнөттөрү);
  • лицензиялар, аккредитациялар же эквиваленттүү документтер;
  • ушуга окшош иштерди аткаруу тажрыйбасы жөнүндө маалымат.

Кошумча шарттар

  • Катышуучу бир гана сунуш бере алат.
  • Белгиленген мөөнөттөн кийин берилген табыштамалар каралбайт.
  • Буйрутмачы каалаган сунушту четке кагууга же Жобого ылайык конкурсту жокко чыгарууга укуктуу.
  • Табыштаманы берүү менен катышуучу конкурстун шарттарына жана Техникалык тапшырманын талаптарына толук макул экенин ырастайт.
  • Катышуучу купуялуулук талаптарын сактоого милдеттүү.

 

Тиркемелер:

БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР