КАПИТАЛДЫК КУРУЛУШ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 09 June 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 23-июну, саат 16:00 (Бишкек убактысы боюнча).
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКу ЖОЖдын бүтүрүүчүлөрү арасында капиталдык курулуш бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт. Программага Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алышат.
Талаптар:
- Төмөнкү багыттардын бири боюнча жогорку билим:
– Курулуш (өнөр жай жана жарандык) артыкчылык берилет;
– Тоо-кен иши;
– Энергетика;
- Офистик программаларды билүү (Word, Excel), AutoCAD (артыкчылык берилет).
Милдеттер:
- Бөлүмдүн долбоордук жана башка документтерин сактоо жана архивдөө;
- Документтердин электрондук архивин системалаштыруу;
- Бөлүмдүн кирүүчү жана чыгуучу техникалык документтеринин реестрин жүргүзүү;
- Курулуш жана капиталдык оңдоо объекттери үчүн эскиздик чиймелерди жана схемаларды иштеп чыгуу;
- Уруксат берүүчү документтерди жана мамлекеттик органдардын экспертизаларын алуу үчүн документтер пакетин даярдоо;
- Жетекчиликтин тапшырмасы боюнча баяндама жана кызматтык каттардын, расмий каттардын долбоорлорун жана кеңешмелердин протоколдорун даярдоо;
- КГКнын профилдик бөлүмдөрү менен биргеликте долбоордук документацияны текшерүүнү уюштуруу;
- Аткарылып жаткан иштер боюнча аткаруу схемаларын даярдоо;
- Долбоорлоо жана курулуш уюмдары менен жолугушууларды уюштуруу;
- Такшалма өтүүнун алкагында жетекчинин жана бөлүм адистеринин башка тапшырмаларын аткаруу.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кенсе
- Жумуш графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн:
2026-жылы 23-июнда саат 16.00 кечикпестен шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркеп жиберүү керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.