ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ ЖАБДУУЛАРДЫ ЖАНА ПРИБОРЛОРДУ ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА
Жарыяланган: 08 June 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 16-июну, саат 14:00 (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (мындан ары – Буйрутмачы) укуктуу жеткирүүчүлөрдү техникалык тапшырманын талаптарына ылайык төмөнкү товарларды жеткирүү боюнча баа сунуштарын сурап алуу жол-жобосуна катышууга чакырат: Өрт өчүрүүчү жабдуулар жана приборлор — техникалык тапшырманын талаптарына ылайык.
Товарлардын тизмеси Excel таблицада берилген (ар бир позиция өзүнчө каралат).
Жалпы талаптар
- Сунуш, коммерциялык сунуштарды жана келишим боюнча милдеттенмелерди кол коюуга ыйгарым укуктуу жак тарабынан кол коюлушу жана уюмдун мөөрү менен бекитилиши керек (бар болсо).
- Сунушталып жаткан товарлардын ассортиментин жеткирүү тажрыйбасы 2 жылдан кем эмес болушу керек
- Берилүүчү документтердин форматы — PDF.
- Каттын темасы төмөнкүдөй болушу керек:
«[компаниянын аталышы] товарларды жеткирүү боюнча баа сунуштарын сурап алуу»
- Сунуш төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек:
konkurspac2026@kumtor.kg
- «Кумтөр Голд Компани» ЖАКка буга чейин жеткирүү тажрыйбасы жок болгон учурда, төмөнкү шилтеме боюнча документтерди толтуруу аркылуу квалификациядан/аккредитациядан өтүү талап кылынат:
https://www.kumtor.kg/ru/informacziya-dlya-postavshhikov/
Коммерциялык сунуш уюмдун расмий бланкында таризделиши керек.
Сунуштун мазмуну
Сунушта төмөнкүлөр көрсөтүлүшү зарыл:
- Кимге: «Кумтөр Голд Компани» ЖАК
- Кимден: катышуучу компаниянын толук аталышы
- Байланыш маалыматтары: юридикалык дареги, телефону, жооптуу адамдын электрондук почтасы
- Сунуш түзүлгөн дата, кол тамга жана мөөр
- Сунушталып жаткан товарлардын аталышы
- Товарлардын техникалык мүнөздөмөлөрү жана сүрөттөрү
- Бардык тиешелүү салыктарды жана «КГК» ЖАКтын кампасына жеткирүүнү камтыган бир даана товар үчүн баа.
- Жеткирүү жери: Бишкек ш., Ибраимов көч., 24, «КГК» ЖАКтын кампасы / Балыкчы ш., Нарын шоссеси, 9, станция коду 721900
- Сунуштун жарактуулук мөөнөтү (кеминде 30 календардык күн)
- Товарды жеткирүү мөөнөттөрү
БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР