Жарыяланган: 05 June 2026
«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун Башкармалыгы экологдорду кесиптик майрамы менен куттуктайт!
«Кымбаттуу кесиптештер,
Сиздерди Экологдор жана Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Компаниябыздын негизги өндүрүштүк обьектиси болгон Кумтөр кен жайы кайталангыс жаратылыштын, ажайып тоолордун койнунда жайгашкан.
Алтын казып алуу татаал технологиялык жана ресурсту көп талап кылган процесс экенин эске алуу менен, биз келечек муундар үчүн аймактын уникалдуу жаратылышын сактоо максатында бардык экологиялык жана техникалык талаптарды так сактоого өзгөчө маани берип келебиз.
Бул максатка жетүү үчүн Кумтөр кен жайында заманбап жабдуулар колдонулуп, өндүрүш менен жаратылыштын ортосундагы экологиялык тең салмактуулукту сактоого жардам берген эң мыкты инженердик чечимдер колдонулууда.
Кумтөр кен жайындагы өндүрүш экологиялык жактан коопсуз экендигинин далили катары концессиялык аймактагы жапайы жаныбарлардын саны жыл сайын көбөйүп жатканын баса белгилеп кеткибиз келет.
Бул көрүнүш Кумтөрдүн экологдорунун күнү-түнү тынымсыз аткарган эмгегинин жыйынтыгы. Эң татаал милдеттерди чече алган сиздердей чыныгы кесипкөй, тажрыйбалуу адистерибиз менен биз ар дайым сыймыктанабыз.
Сиздерге чың ден-соолук, узак өмүр, бакыт-таалай, ынтымак жана ишиңиздерге жаңы ийгиликтерди каалайбыз!»