ДӨҢГӨЛӨКТӨРДҮ КАЙРА ИШТЕТҮҮ ЗАВОДУ «ALA-TOO TRADE & INDUSTRY EXPO» КӨРГӨЗМӨСҮНӨ КАТЫШУУДА

ДӨҢГӨЛӨКТӨРДҮ КАЙРА ИШТЕТҮҮ ЗАВОДУ «ALA-TOO TRADE & INDUSTRY EXPO» КӨРГӨЗМӨСҮНӨ КАТЫШУУДА

Жарыяланган: 05 June 2026

Токмок шаарындагы «Кумтөр Голд Компанинин» филиалы – Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү заводу Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында өтүп жаткан алгачкы өнөр жай жана соода көргөзмөсү – «Ala-Too Trade & Industry Expo» көргөзмөсүнө катышууда.

Көргөзмөнүн алкагында завод өз продукцияларын — калыбына келтирилген автоунаа дөңгөлөктөрүн жана ар түрдүү фракциядагы резина күкүмдөрүн сунуштоодо.

Белгилей кетсек, көргөзмө 2026-жылдын 4-июнунан 6-июнуна чейин Бишкек шаарындагы «Жаштык Арена» комплексинде өтүүдө.

Көргөзмөгө ШКУга мүчө мамлекеттердин 75 ашуун ири өнөр жай ишканалары катышып, өз продукцияларын көрсөтүүдө. Алардын катарында автоунаа жана кайра иштетүү өнөр жайынын, медицина тармагынын, зергерчилик өндүрүшүнүн, курулуш жана жасалгалоо материалдарын чыгарган, энергетика жана машина куруу багытындагы ишканалар бар.

Маалымат үчүн: Токмок шаарындагы Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү заводу 2023-жылдын август айында тесттик режиминде ишке берилген.

Учурда ишканада эки цех иштейт: автоунаа дөңгөлөктөрүн утилдештирүү жана калыбына келтирүү цехтери. Калыбына келтирүүгө жараксыз болгон дөңгөлөктөрдөн резина күкүмү өндүрүлүп, ал резина плиткаларын, килемчелерди, ошондой эле балдар жана спорт аянтчалары үчүн коопсуз жабууларды даярдоодо колдонулган экинчи чийки зат болуп саналат.