ФОТОРЕПОРТАЖ – ТОГОЛОК АЛТЫН ӨНДҮРҮҮГӨ КАРАЙ КАДАМ ТАШТООДО

ФОТОРЕПОРТАЖ – ТОГОЛОК АЛТЫН ӨНДҮРҮҮГӨ КАРАЙ КАДАМ ТАШТООДО

Жарыяланган: 05 June 2026

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун Мүдүрлөр кеңеши Тоголок кенинде көчмө жыйын өткөрдү.

Жыйынга компаниянын Башкармалыгынын мүчөлөрү да катышты. Анда Тоголок кенинде аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат угулуп, ишкананын жакынкы жана орто мөөнөттөгү негизги милдеттери талкууланды.

Мүдүрлөр кеңешинин быйыл алтын өндүрүүгө даярдык көрүү боюнча бир катар маанилүү иштерди ишке ашыруу пландалып жатканын белгиледи.

Ошондой эле ушул жылы алтын ылгоочу фабриканын курулушун баштоо пландалып жатканы айтылды.

Көчмө жыйындын жыйынтыгында белгиленген иштерди өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруу боюнча туунду ишканасына бир катар тапшырмалар берилди.