ПЛ-1, ПЛ-2 МОНОЛИТТҮҮ ТЕМИР-БЕТОН ПЛИТАЛАРЫН ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА

ПЛ-1, ПЛ-2 МОНОЛИТТҮҮ ТЕМИР-БЕТОН ПЛИТАЛАРЫН ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА

Жарыяланган: 29 May 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 12-июну, саат 13:00 (Бишкек убактысы боюнча).


Урматтуу айымдар жана мырзалар,

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (мындан ары – Буйрутмачы) укуктуу Жеткирип берүүчүлөрдү «Кумтор Голд Компани» ЖАК үчүн төмөндө көрсөтүлгөн товарларды жеткирүү боюнча чектөөсүз эки этаптуу конкурсқа катышууга чакырат жана конкурстук документациянын жана Техникалык тапшырманын талаптарына ылайык конкурстук табыштамаларды тапшырууну сунуштайт.

ЛОТ:

  • ПЛ-1 монолиттүү темир-бетон плиталары: саны – 54 даана;
  • ПЛ-2 монолиттүү темир-бетон плиталары: саны – 31 даана.

Сиздин сунушуңуз ага тиркелген документтер, тиркемелер жана баа сунуштары менен бирге коммерциялык сунуштарды жана келишим боюнча милдеттенмелерди кол коюуга толук ыйгарым укугу бар адам (адамдар) тарабынан кол коюлушу, мөөр менен бекитилиши жана PDF форматында тапшырылышы керек.

Документтерге кол коюу укугу бар адамдын ыйгарым укуктары ишеним кат же анын ыйгарым укуктарын тастыктаган документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен ырасталышы керек.

Конкурска катышууну каалаган бардык жактар Чакырууга тиркелген №1, №2, №3, №4, №5, №6, №7 жана №8 тиркемелер менен толук таанышып, Чакыруунун №2, №3, №4, №5 жана №8 тиркемелерине ылайык формаларды толтуруп, талап кылынган документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук түрдө электрондук почтага жөнөтүшү зарыл.

Катышуучулар конкурска катышуу үчүн өз табыштамаларын электрондук почта аркылуу бир же бир нече кат менен жөнөтүшү керек, ар бир каттын көлөмү 25 мегабайттан ашпашы керек.

Билдирүүнүн темасы биринчи пакет үчүн «Квалификациялык жана техникалык сунуштар [компаниянын аталышы]»; экинчи пакет үчүн — «Баа сунушу [компаниянын аталышы]», төмөнкү дарекке жөнөтүлүшү керек: gbi.info2026@kumtor.kg

Конкурстук табыштаманы берүү тартиби

Катышуучулар документтерди эки өзүнчө пакетте, экөөнү тең бир убакта тапшырышат:

  • №1 пакет – квалификациялык жана техникалык сунуштар (сырсөз жок берилет);
  • №2 пакет – коммерциялык сунуш (файлды ачуу үчүн сырсөз колдонулат жана биринчи этапта ачылбайт; сырсөз Буйрутмачынын электрондук почтасы аркылуу суранычынан кийин жөнөтүлөт).

1. Биринчи этап

1.1. Табыштамага төмөнкү документтер тиркелет:

  • Акыркы эки жылдагы окшош товарларды жеткирүү тажрыйбасын тастыктаган келишимдердин көчүрмөлөрү;
  • Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жоктугу тууралуу маалымкаттардын (МСК, Социалдык фонд) түп нускаларынын сканерленген көчүрмөлөрү;
  • Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон же кайра каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн/маалымкаттын түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү (жеке ишкерлер үчүн – ЖИ катары каттоо күбөлүгү же колдонуудагы патенттин көчүрмөсү, мында ишмердүүлүк түрү сатып алуунун нерсесине шайкеш келиши керек);
  • Юридикалык жактар үчүн Уставдын түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү;
  • Документтерге кол коюу укугун тастыктаган буйрук, чечим же башка документ (ишеним кат берилген учурда буйрук же чечим милдеттүү түрдө тиркелет);
  • кол коюучунун паспортунун сканерленген көчүрмөсү;
  • 2024 жана 2025-жылдар үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген бухгалтердик баланстын түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү (пайда жана чыгымдар жөнүндө отчет, капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет, акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет) же БСД (Бирдиктүү салык декларациясы) же Жеткирип берүүчүнүн финансылык туруктуулугун тастыктаган банктык көчүрмө (түп нуска);
  • Катышуучунун соттук териштирүүлөргө катышуусу жөнүндө маалымат (акыркы үч жылды, анын ичинде быйылкы жылды кошкондо);
  • Конкурстук табыштаманы кепилдеген декларация (Чакыруунун №2 Тиркемесинин формасы боюнча);
  • Ак ниеттүүлүк декларациясы жана коррупцияга каршы эскертме (Чакыруунун №3 Тиркемесинин формасы боюнча);
  • Конкурстук табыштама (Чакыруунун №4 Тиркемесинин формасы боюнча);
  • Талаптарга шайкештик таблицасы.

1.2. Биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча экинчи этапка өткөн катышуучулардын тизмеси түзүлөт.

1.3. Экинчи этапка төмөнкү катышуучулар өткөрүлбөйт:

  • документтердин толук пакетин бербегендер;
  • коммерциялык сунушту сырсөзү жок бергендер же сырсөздү суранычка чейин жөнөткөндөр;
  • Буйрутмачынын суранычынан кийин экинчи пакеттин сырсөзүн бербегендер;
  • конкурстук табыштаманы кепилдеген декларацияга (Чакыруунун №2 Тиркемесинин формасы боюнча) кол коюлбаган учурда;
  • ак ниеттүүлүк декларациясы жана коррупцияга каршы эскертме (Чакыруунун №3 Тиркемесинин формасы боюнча) кол коюлбаган учурда;
  • конкурстук табыштамага (Чакыруунун №4 Тиркемесинин формасы боюнча) кол коюлбаган учурда;
  • шайкештик таблицасына (№8 Тиркеменин формасы боюнча) кол коюлбаган учурда;
  • Чакырууда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч берилген документтер;
  • Буйрутмачынын коопсуздук кызматы жана каржы бөлүмү тарабынан аккредитациядан өтпөгөндөр.
  1. Экинчи этап – Конкурстук табыштаманы баалоо
  • Экинчи этапка биринчи этаптан ийгиликтүү өткөн катышуучулар гана катыша алышат;
  • Катышуучунун баа сунушу Чакыруунун №5 Тиркемесине ылайык форма боюнча так толтурулушу керек;
    • Эгерде конкурстун катышуучусу Чакыруунун №5 Тиркемесинде белгиленген формага ылайык келбеген баа сунушун жөнөткөн болсо, анын табыштамасы четке кагылат.
    • Баа/сапат катышы боюнча эң жакшы шарттарды сунуштаган, ошондой эле Техникалык тапшырманын жана конкурстук документациянын шарттарына ылайык конкурстук табыштама берген катышуучу жеңүүчү деп табылат.
    • Конкурстун катышуучусу көрсөткөн продукциянын наркы бардык чыгымдарды, анын ичинде салыктарды, алымдарды, жыйымдарды, Буйрутмачынын кампасына чейин жеткирүүнү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынуучу башка төлөмдөрдү, ошондой эле келишимде көрсөтүлгөн тейлөө мөөнөтүн, коштоочу кызматтарды эске алуу менен келишимдик милдеттенмелерди аткарууга байланыштуу башка чыгымдарды камтышы керек.
    • Жеткирип берүүчүнүн баа сунушу конкурстук табыштамаларды тапшыруунун акыркы мөөнөтүнөн тартып 60 (алтымыш) календардык күн бою жарактуу болушу керек;
    • Товарды жеткирүү, жүктөө жана түшүрүү Жеткирип берүүчүнүн эсебинен жүргүзүлөт жана товар баасына камтылышы керек.

            Баалоо критерийлери:

  • Белгиленген квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген жана баа/сапат катышы боюнча эң жакшы шарттарды сунуштаган катышуучунун сунушу жеңүүчү деп табылат;
  • Конкурстун жыйынтыгы боюнча жеткирүү келишимин түзүү укугу берилген катышуучу, Келишимге кол коюлганга чейин жеткирүү келишиминин жалпы суммасынын 2% өлчөмүндө КТКБ (Келишимдин аткарылышын кепилдик камсыздоо) катары акча каражатын киргизиши же ошол эле суммада банк кепилдигин бериши керек;
  • ГОИДти киргизүү үчүн банк эсебинин реквизиттери Чакыруунун №7 Тиркемесинде көрсөтүлгөн.
  • Алдын ала төлөм болгон учурда жеңүүчү компания аванстык төлөмдүн өлчөмүнөн кем эмес аванстык төлөмдү төлөөгө банктык кепилдик берүүгө милдеттүү.
  • Банктык кепилдик кардар банк тарабынан кепилденет.
  • Банктык кепилдиктин аныктыгын тастыктоо менен байланышкан чыгымдарды жеткирүүчү көтөрөт.

Сиздин конкурстук табыштамаларыңызды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: «13:00» (Бишкек убактысы боюнча) «12» июнь 2026-жыл.

  • Белгиленген мөөнөттөн кеч берилген конкурстук табыштамалар жана/же талаптарга жооп бербеген табыштамалар кабыл алынбайт жана каралбайт.
  • Өз сунушун берүү менен катышуучу Буйрутмачынын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга, анын ичинде Чакыруунун №6 тиркемесине ылайык Келишимдин шарттарына макул экендигин тастыктайт.
  • Ар бир тандоо катышуучусу ар бир лот боюнча бир гана конкурстук сунуш бере алат.
  • Конкурстук сунуштарды тапшыруу мөөнөтү бүткөндөн кийин аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Ушул Чакыруу боюнча суроолор болгон учурда катышуучу түшүндүрмө алуу үчүн Буйрутмачыга төмөнкү электрондук дарек аркылуу кайрыла алат: nurlan.semetov@kumtor.kg,  бирок конкурстук табыштамаларды тапшыруунун акыркы мөөнөтүнө чейин 3 (үч) жумушчу күндөн кечиктирбестен. Түшүндүрмөлөр суроо алынган күндөн тартып 2 (эки) жумушчу күндүн ичинде суроо келген электрондук почта дарегине жөнөтүлөт.

Зарыл болгон учурда Буйрутмачы конкурстук табыштамаларды тапшыруунун акыркы мөөнөтү бүткөнгө чейин каалаган убакта, бирок кандай болгон күндө да 3 (үч) жумушчу күндөн кечиктирбестен, ушул Чакыруу боюнча толуктоолорду чыгаруу жолу менен өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.

Эгерде ушул Чакыруу боюнча өзгөртүүлөр киргизилсе, Буйрутмачы конкурстук табыштамаларды тапшыруунун акыркы датасын кийинки мөөнөткө жылдырууга укуктуу жана бул тууралуу Буйрутмачынын расмий сайтына — https://www.kumtor.kg/ru/ (ушул конкурс боюнча жарыя жайгаштырылган баракчага) тиешелүү маалыматты жайгаштыруу жолу менен маалымдайт.

Буйрутмачы Келишим ыйгарылганга чейин каалаган убакта кандай болбосун сунушту кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле конкурс процессин жокко чыгарууга жана бардык сунуштарды четке кагууга укуктуу, мында тиешелүү катышуучулар алдында эч кандай милдеттенме тартпайт.

 

БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР