ФОТОРЕПОРТАЖ — БАЛЫКЧЫ ӨТКӨӨЛ БАЗАСЫ: ЖАҢЫЛАНУУНУН ЖАҢЫ БАРАГЫ

ФОТОРЕПОРТАЖ — БАЛЫКЧЫ ӨТКӨӨЛ БАЗАСЫ: ЖАҢЫЛАНУУНУН ЖАҢЫ БАРАГЫ

Жарыяланган: 28 May 2026

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кумтөр ишканасынын Балыкчы өткөөл базасына барып, андагы модернизациялык иштердин жүрүшү менен таанышты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасына базанын өндүрүштүк жана техникалык инфраструктурасын жаңылоо боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берилди.

Жүргүзүлүп жаткан модернизация Кумтөр ишканасынын өндүрүштүк натыйжалуулугун жогорулатууга, логистикалык чыгымдарды азайтууга жана жүк ташуунун ылдамдыгын арттырууга багытталган.

Адылбек Касымалиев базаны модернизациялоо иштери экономикабыздын флагманы болгон Кумтөр ишканасынын туруктуу иштөөсү үчүн маанилүү ролду ойной турганын белгилеп, мындай долбоорлорду өз учурунда жана сапаттуу бүтүрүү абдан маанилүү экендигин кошумчалады.

Маалымат үчүн:
«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун Балыкчы өткөөл базасы Балыкчы шаарынын түштүк-батыш тарабында, Балыкчы – Нарын унаа жолунун боюнда жайгашкан. База Кумтөр кен жайынын туруктуу ишмердүүлүгү үчүн логистикалык чоң мааниге ээ.

Өткөн жылы базанын аймагында модернизация иштери башталган. Анын алкагында мунай сактоочу жаңы резервуарлар орнотулуп, алардын сыйымдуулугу 12 400 куб метрден 32 000 куб метрге чейин көбөйтүлдү. Ошондой эле базанын 1,2 гектар аянты көрктөндүрүлүп, иретке келтирилди.