Жарыяланган: 15 May 2026
АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУНУН МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 29-майы, саат 15:00 (Бишкек убактысы боюнча).
Бишкек ш., Ибраимов көчөсү 24/1 дареги боюнча жайгашкан «Кумтөр Голд Компани» ЖАК конкурстук иш-кагаздардын талаптарына жооп берген бардык потенциалдуу катышуучуларды флотация калдыктарынын коюуланткычын оңдоо иштерин жүргүзүү боюнча конкурска табыштама/сунуш тапшырууга чакырат.
Сатып алуу чексиз катышуу ыкмасы, эки пакеттүү, бир баскычтуу ыкма менен жүргүзүлөт.
Катышуучулар конкурстук табыштаманы электрондук түрдө тапшырып, тиешелүү формаларды толтуруп, керектүү документтерди 2026-жылдын 29-майы (Бишкек убактысы боюнча) саат 15-00гө чейин (сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү) тапшырышы керек.
Конкурстук табыштама конкурстук табыштаманы кепилдеген декларация түрүндөгү конкурстук табыштаманын кепилдик камсыздоосу менен бирге берилиши керек.
Конкурстук табыштама 60 календардык күнгө жарактуу болушу керек. Кошумча маалымат алуу же конкурстук документтерин тактоо үчүн, 2026-жылдын 26-майы саат 12:00дөн кечикпей, конкурстук табыштаманы тапшыруу мөөнөтүнө 3 жумуш күнүндө Zhyldyzkan.Satybekova@kumtor.kg почтага жөнөтүү керек. Сатып алуучунун көзөмөлүнөн тышкаркы жагдайлардан улам келип чыккан ар кандай кечигүүлөр үчүн жооптуу деп эсептелбейт.
| Тапшыруу форматы: | Конкурстук табыштамага жана башка документтерге конкурстук сунушка кол коюуга укуктуу жана келишим боюнча милдеттенмелери бар адам кол коюшу керек. Кол коюучу тараптын ыйгарым укугу ишеним кат же тиешелүү документтердин тастыкталган көчүрмөлөрү менен тастыкталышы керек. Документтер мөөр басылып, PDF форматында тапшырылышы керек.
Конкурстук сунушту даярдоодон мурун, катышуучу конкурстук табыштаманы даярдоо боюнча Нускаманы (Жеткирип берүүчүлөр үчүн) (1-Тиркеме) менен таанышып чыгышы керек. Конкурс эки баскычта өтөт жана ар бир баскыч үчүн эки өзүнчө кат жазуу талап кылынат. Квалификациялык документтер жана финансылык сунуш бир убакта, бирок ар башка каттар менен тапшырылышы керек: Биринчи кат (биринчи баскыч үчүн) квалификациялык жана техникалык бөлүгүн тастыктаган документтер менен берилет. Темасында “Квалификациялык документтер” деп көрсөтүңүз; Экинчи кат (экинчи баскыч үчүн) каржылык сунуш менен берилет. Темасында “Каржылык сунуш” деп көрсөтүңүз. |
| 1-баскыч: Квалификациялык жана техникалык бөлүк | |
| Квалификациялык жана техникалык сунуштарды тапшыруу тартиби | Конкурска катышуучулар конкурстун талаптарына ылайык кыргыз жана/же орус тилдеринде катышуу сунушун тапшырып, керектүү документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук почта remont-flotacia2026@kumtor.kg дарегине электрондук почта аркылуу 2026-жылдын 29-майы Бишкек убактысы боюнча саат 15:00гө чейин жөнөтүшү керек.
Техникалык тапшырма тиркелген (8-Тиркеме) |
| Катышуу сунушу төмөнкү документтерди камтышы керек: | Конкурска катышууга кызыкдар экенин тастыктаган кат, табыштаманын формасы тиркелген (2-Тиркеме) |
| Юридикалык жактын каттоо күбөлүгүнүн сканерленген көчүрмөсү | |
| Негизги ишмердүүлүктү аныктаган документтин сканерленген көчүрмөсү (Устав), ошондой эле жетекчини дайындоо жөнүндө чечимдин сканерленген көчүрмөсү | |
| Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн акыркы отчеттук датага карата мамлекеттик органдар алдында салык төлөмдөрү жана камсыздандыруу төгүмү боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкат. | |
| Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн:
2024-2025-жылдардагы финансылык отчеттордун оригиналынын сканерленген көчүрмөлөрү: · Бухгалтердик баланс; · Киреше жана чыгым тууралуу отчет; · Акча агымы боюнча отчет; · Капиталдагы өзгөрүүлөр тууралуу отчет; · Же болбосо 2024-2025-жылдар үчүн Бирдиктүү Салык Декларациясы. Резидент эместер үчүн: жогоруда көрсөтүлгөн тизмеге кошумча 2023–2025-жылдар боюнча каржылык туруктуулукту тастыктаган документ. |
|
| Ак ниеттүүлүк декларациясы, табыштаманын формасы тиркелген (3-тиркеме) | |
| Конкурстук табыштаманы кепилдеген декларация, формасы тиркелген (4-тиркеме) | |
| Кызматкерлер тууралуу маалымат, алардын мурунку жумуш тажрыйбасы тууралуу сүрөттөмө, формасы тиркелген (5-тиркеме) | |
| Катышуучу юридикалык жак болушу керек, флотация калдыктарынын коюуланткычын оңдоо иштерин жүргүзүү боюнча тастыкталган тажрыйбага ээ болушу керек; | |
Коопсуздук талаптары:
Оңдоо аймагына бөтөн адамдардын кирүүсүнө тыюу салынат. |
|
| Биринчи баскыч үчүн баалоо критерийлери: | Бардык квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген жана суралган документтердин толук топтомун камтыган сунуш конкурстун биринчи баскычынан өткөн деп таанылат.
Тандоо катышуучулары Техникалык тапшырмага ылайык квалификациялык жана техникалык маалыматтарды тастыктоо үчүн талап кылынган бардык документтерди тапшырышы керек. |
| Каржылык сунушту тапшыруу тартиби | 2-баскыч: Сунуштун каржылык бөлүгү: |
| Каржылык/коммерциялык сунуш өзүнчө кат түрүндө сырсөз менен корголгон архивде тапшырылышы керек, табыштама формасы тиркелген (7-Тиркеме). Сырсөз бул конкурска жооптуу адамдын өтүнүчү менен берилет.
Архивдин сыр сөзү кеминде 6 символдон турушу керек. Катышуучунун расмий бланкындагы каржылык/коммерциялык сунушу «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын атына жөнөтүлүшү керек, анда баасы, иштерди аткаруу мөөнөтү жана төлөм шарттары милдеттүү түрдө көрсөтүлүшү керек. Квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген катышуучулардан гана сырсөздөр суралат. Эгерде каржылык/коммерциялык сунуш сырсөзү жок же квалификациялык документтер менен бирге берилсе, сатып алуучу уюмдун конкурстук комиссиясы маалыматтын сакталуусу үчүн жооптуу эмес. |
|
| Катышуу үчүн сунуш 2026-жылдын 29-майы саат 15:00гө чейин (Бишкек убактысы) Теманы көрсөтүү менен электрондук почтага remont-flotacia2026@kumtor.kg жөнөтүлүшү керек.
Биринчи кат (биринчи баскыч үчүн) квалификациялык жана техникалык бөлүгүн тастыктаган документтер менен берилет. Темасында “Квалификациялык документтер” деп көрсөтүңүз; Экинчи кат (экинчи баскыч үчүн) каржылык сунуш менен берилет. Темасында “Каржылык сунуш” деп көрсөтүңүз. |
|
| Буйрутмачы Келишим түзүлгөнгө чейин каалаган убакта тиешелүү катышуучуларга эч кандай милдеттенмелерди албастан, каалаган же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле конкурстук процессти жокко чыгарууга укуктуу. | |
| Катышуу сунушу расмий бланкта болушу керек. | |
| Көрсөтүлгөн мөөнөттөрдөн кийин конкурстун катышуучулары тапшырган конкурстук сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Сунуштарын берүү менен, катышуучулар Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул болгонун билдирет. Ар бир конкурстун катышуучусу бир гана конкурстук сунуш бере алат. Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 60 календардык күн болушу керек. Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтүндө конкурстук сунушка эч кандай өзгөртүүлөр киргизилбейт. Кызмат көрсөтүү келишиминин долбоору таанышуу үчүн берилет. Бул келишимдин долбоору акыркы эмес жана конкурстун жыйынтыгына жараша өзгөртүлөт (6-тиркеме). |
|
| Ушул конкурс боюнча бардык суроолор жана конкурстун шарттарын тактоо боюнча сурамдар сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтүнө 3 календардык күн калганга чейин төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек: zhyldyzkan.satybekova@kumtor.kg. | |
| Келишим коммерциялык сунушу тандоо шарттарына жана талаптарына жооп берген, биринчи жана экинчи баскычтардан өтүп, эң төмөн баа сунуштаган катышуучуга берилет. | |