ӨНДҮРҮШТҮК ЭСЕП ЖАНА КАРЖЫЛЫК ОТЧЕТТУУЛУК БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

ӨНДҮРҮШТҮК ЭСЕП ЖАНА КАРЖЫЛЫК ОТЧЕТТУУЛУК БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 13 May 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 27.05.2026, 16:00го чейин.


“Кумтөр Голд Компани” ЖАК өндүрүштүк эсеп жана каржылык отчеттуулук бөлүмүнө жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт. Программага Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алышат.

Талаптар:

  • Аяктаган жогорку экономикалык билим;
  • Компьютерди жана MS Office кеңсе программаларын ишенимдүү деңгээлде билүү;
  • Демилгелүүлүк жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө болгон каалоо;
  • Аткаруучулук жана тартиптүүлүк;
  • Командада иштей билүү, уюмдун ички эрежелерин жана регламенттерин сактоо;
  • Кеңсе техникасы менен иштөө тажрыйбасы болуу (принтер, сканер, көчүрмө аппарат ж.б.).

Милдеттер:

  • Өндүрүштүк эсеп жана каржылык отчеттуулук бөлүмүнүн ишмердүүлүгү, ошондой эле бөлүмдүн негизги бизнес-процесстери менен таанышуу;
  • Бөлүмдүн кызматкерлерине ички жана тышкы отчеттуулукту даярдоодо көмөк көрсөтүү;
  • Эсептик жана баштапкы документтер менен иштөө, иш кагаздарын жүргүзүүгө катышуу;
  • Бөлүмдүн учурдагы ишмердүүлүгүнүн алкагында техникалык, административдик жана уюштуруучулук колдоо көрсөтүү.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кеңсе
  • Жумуш графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн: 

  • 2026-жылы 27-майда саат 16.00 кечикпестен шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.