ВИДЕО – КУМТӨРДҮН ОТЧЕТУ ЭЛ АРАЛЫК АУДИТОР ERNST & YOUNG ТАРАБЫНАН ТАСТЫКТАЛДЫ

ВИДЕО – КУМТӨРДҮН ОТЧЕТУ ЭЛ АРАЛЫК АУДИТОР ERNST & YOUNG ТАРАБЫНАН ТАСТЫКТАЛДЫ

Жарыяланган: 09 April 2026

Эл аралык көз карандысыз аудитордук «Ernst & Young Audit» компаниясы «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын 2025-жылга карата финансылык отчеттуулугуна аудит жүргүзүүнү аяктады. ​Аудит Эл аралык аудит стандарттарына ылайык, көз карандысыздык жана кесипкөй скептицизм принциптерин сактоо менен жүргүзүлдү.

Анын жыйынтыгы боюнча, компаниянын финансылык отчеттуулугу бардык маанилүү аспектилерде 2025-жылдын 31-декабрына карата анын финансылык абалын, ошондой эле отчеттук мезгилдеги финансы-чарбалык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык так чагылдыра тургандыгы аныкталды. Бул компаниянын финансылык ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун тастыктайт.

“Белгилей кетсек, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча “Кумтөр Голд Компани”  төмөнкүдөй финансылык көрсөткүчтөргө жетишкен:

  • Кирешеси 1 млрд 434 млн АКШ доллары
  • Таза пайда 706 млн АКШ доллары

Өлкө  экономикасына болгон салымы:

  • Салыктар жана милдеттүү төлөмдөр 246 млн 507 мин АКШ долларын
  • Дивиденддер 300 млн АКШ долларын түздү

Бул көрсөткүчтөр компаниянын туруктуу ишин жана өлкө экономикасына кошкон салымын көрсөтөт”.

Маалымат үчүн:

2025-жылы Кумтөр кенинде 12 081 кг  алтын өндүрүлгөн.

Аудитор тууралуу:

EY (Ernst & Young) – аудит жана консалтинг тармагындагы дүйнөлүк лидерлердин бири болуп саналат жана 175 жылдан ашуун тарыхка ээ. Компания рейтинги боюнча “Чоң төрттүккө” кирип, дүйнөдө 3-орунду ээлейт. EY дүйнөнүн 150дөн ашык өлкөсүндө иш алып барып, 400 000ден ашык кызматкери бар. Ал эл аралык деңгээлде жогорку абройго ээ болуп, көп жылдар бою мыкты иш берүүчүлөрдүн катарын толуктап келет.