ӨЗ ИЧИНЕ ОРТОПЕДИЯЛЫК МАТРАЦЫ МЕНЕН КЕРЕБЕТТИ, КЕРЕБЕТ ТУМБАСЫН, КҮЗГҮСҮ МЕНЕН ГАРДЕРОБ ШКАФЫН ЖАНА КОМОДДУ КАМТЫГАН БИР ЖАРЫМ ОРУНДУУ УКТООЧУ ЭМЕРЕК ГАРНИТУРАСЫН САТЫП АЛУУ

ӨЗ ИЧИНЕ ОРТОПЕДИЯЛЫК МАТРАЦЫ МЕНЕН КЕРЕБЕТТИ, КЕРЕБЕТ ТУМБАСЫН, КҮЗГҮСҮ МЕНЕН ГАРДЕРОБ ШКАФЫН ЖАНА КОМОДДУ КАМТЫГАН БИР ЖАРЫМ ОРУНДУУ УКТООЧУ ЭМЕРЕК ГАРНИТУРАСЫН САТЫП АЛУУ

Жарыяланган: 09 April 2026

АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУНУН МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 15-апрели, саат 14:00.


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (мындан ары – «КГК») бир жарым орундуу уктоочу эмерек гарнитурасын жеткирип берүү үчүн котировкаларды суроого катышууга чакырат.

№ Лот1 Аталышы Саны
Сатып алынуучу товарга коюлуучу талаптар: Сатып алынуучу товарга коюлуучу талаптар:

Бир жарым орундуу уктоочу эмерек гарнитурасы, комплектте:

–          Ортопедиялык матрацы менен керебет;

–          Керебет тумбасы 1 даана;

–          Күзгүсү менен гардероб шкафы;

–          Комод;

4 окшош

комплект

  Параметрлер:

Ортопедиялык матрацы менен керебет:

–          Бийиктиги – 784 см

–          Матрацтын бийиктиги 160 мм кем эмес

–          Туурасы – 1200 см

–          Узундугу – 2032 см

Керебет тумбасы:

–          Бийиктиги -414 см

–          Туурасы -501 см

–          Тереңдиги -358 см

Күзгүсү менен гардероб шкафы:

–          Бийиктиги – 2094 см

–          Туурасы – 1201 см

–          Тереңдиги – 500 см

Комод:

–          Бийиктиги -726 см

–          Туурасы -901 см

–          Тереңдиги -390 см

Гарнитуранын түсү: Кара декор менен айкалышкан алтын эмен.

Эмерек жасоо үчүн колдонулган материалдар коопсуз, эскирүүгө туруктуу, колдонуудагы санитардык, экологиялык жана техникалык ченемдерге толук жооп берет.

Артыкчылык премиалдык класстагы, сертификатталган импорттук материалдарга берилет: Эмен (дуб), ясень, премиум класстагы ЛДСП.

Фурнитура: тартмалардын жана эшиктердин үнсүз жабылышын камсыз кылган ишенимдүү механизмдер.

Гарнитурдун моделдери көрсөтүлгөн өлчөмдөргө ылайык 3D‑визуализация же сүрөттөр түрүндө кароого милдеттүү түрдө сунушталышы керек.

 

Коммерциялык сунуштар өндүрүүчүлөрдөн же түз дистрибьюторлордон гана, тиешелүү ырастоочу каттар же өндүрүүчү тарабынан берилген авторизациялык сертификаттар сунушталган шартта гана каралат. Даяр эмеректи долбоорлоо, чогултуу жана сатуу чөйрөсүндөгү иш тажрыйбасы кеминде 2 (эки) жылды түзүшү керек.

Коммерциялык сунуштар уюмдун расмий бланкында (КС) берилүүгө тийиш, КСти тапшыруу күнүнөн тартып кеминде 4 жума бою күчүндө болушу жана төмөнкү маалыматтарды камтууга милдеттүү:

1) Сунуштун берилген күнү жана чыгуучу номери;

2) Жеткирүү мөөнөттөрү, ошондой эле эки Тарап үчүн ыңгайлуу төлөм шарттары;

3) Жеткирүү шарты – DAP, Балыкчы шаары, Нарын шоссеси, 9;

4) Уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн колу жана мөөрү.

Коммерциялык сунушка төмөнкү документтер тиркелүүгө тийиш::

  • Акыркы 2 (эки) жылдагы окшош жеткирип берүүлөрдүн тизмеси камтылган катышуучунун референс‑листи, уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн;
  • Окшош жеткирип берүүлөрдү аткаруу тажрыйбасын тастыктаган кеминде 2 (эки) келишимдин көчүрмөсү;
  • Сапат сертификаттары;
  • Уюмдун уставдык документтеринин көчүрмөлөрү:

– Устав;

– Мамлекеттик каттоо же кайра каттоо жөнүндө күбөлүк;

– Салык органдарында каттоого тургандыгы тууралуу күбөлүк;

– Салык органдарынан алынган карыздын жоктугу тууралуу маалымкат;

– Сурамжылоону толтуруу (Тиркеме №1);

– Жеткирип берүүчүнүн реквизиттерин Excel форматында толтуруу (Тиркеме №2);

– Уюмдун атынан келишимдерге кол коюу укугун тастыктаган документтер (буйрук, ишеним кат же башка документтер).

Бардык документтерди берүү форматы – PDF.

Коммерциялык сунуштарды тапшыруу тартиби

Электрондук каттын темасы төмөнкүчө болушу керек: «Эмерек боюнча коммерциялык сунуш – бир жарым орундуу уктоочу гарнитур», кат төмөнкү электрондук дарекке гана жөнөтүлүүгө тийиш: mebel2026@kumtor.kg (каттын көчүрмөсүнө башка даректер кошулбашы керек!!!).

Коммерциялык сунуштар башка электрондук даректерге көчүрмө менен жөнөтүлгөн учурда, ошондой эле 2026‑жылдын 15‑апрели, Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дөн кийин жөнөтүлгөн болсо, каралбайт!

Башка бардык тактоочу суроолорду жазуу түрүндө төмөнкү электрондук почтага жөнөтүңүз: Olga.Turkovskaya@kumtor.kg

 

Тиркемелер:

  1. БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР