МЕДИЦИНАЛЫК БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 08 April 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 21.04.2026, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКнун Медициналык бөлүмүнө эки жылдык такшалма программасынан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн тандоо жүргүзөт. Программага Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алышат.
Талаптар:
- Медициналык билим;
- Компьютерди ишенимдүү колдонуу, Microsoft Office, Google Docs, Zoom программаларын билүү;
- Демилгелүүлүк жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө умтулуу;
- Аткаруучулук жана тартиптүүлүк;
- Тактык жана командада иштей билүү;
- Эмгек ишмердүүлүгүн аткарууга медициналык жактан жарамдуу болуп, жакшы физикалык формага ээ болуу.
Милдеттер:
- Ар кандай медициналык документацияны жүргүзүү;
- Вахтага чейинки жана жыл сайын өткөрүлүүчү медициналык кароолор боюнча документацияны жүргүзүү;
- КГКнын кызматкерлерине баштапкы, жылдык жана кезексиз медициналык кароолордон өтүү учурунда алынган медициналык сунуштар боюнча документтерди жүргүзүү жана көзөмөлдөөдө дарыгерлерге жардам көрсөтүү;
- Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча баракчаларды каттоо жана көзөмөлдөө;
- Рейске чыгар алдындагы медициналык кароолорду жүргүзүү;
- “КГК” ЖАКнун кызматкерлерине алгачкы медициналык жардам көрсөтүү.
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалманын узактыгы – 2 жыл
- Такшалманын орду – Бишкек шаарындагы кеңсе
- Такшалманын графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2026-жылдын 21-апрелинде 16.00дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.