КАМПА ЖАЙЛАРЫН КУРУУ ҮЧҮН ДОЛБООРДУ ЖАНА СМЕТА ДОКУМЕНТТЕРИН ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА КОММЕРЦИЯЛЫК СУНУШТАРДЫ БЕРҮҮ (БААЛАРДЫ СУРАП ЧЫГУУ)

КАМПА ЖАЙЛАРЫН КУРУУ ҮЧҮН ДОЛБООРДУ ЖАНА СМЕТА ДОКУМЕНТТЕРИН ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА КОММЕРЦИЯЛЫК СУНУШТАРДЫ БЕРҮҮ (БААЛАРДЫ СУРАП ЧЫГУУ)

Жарыяланган: 25 February 2026

АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУНУН МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 5-марты, саат 15:00


“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын филиалы болгон Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү завод (мындан ары ДКЗ) сизди техникалык мүнөздөмөлөргө ылайык кампа жайларын куруу үчүн долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу боюнча тендерге катышууга чакырат.

Тапшыруу форматы: Катышуу үчүн арыз жана башка документтер арызга жана келишимдик милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтерге кол коюлуп, PDF форматында тапшырылышы керек.

Тапшыруу тартиби: Тандоодон өтүүчү катышуучулар сынактын талаптарына ылайык арыз берип, документтердин керектүү көчүрмөлөрүн тиркеп, аларды 2026-жылдын 5-мартында саат 15:00дөн кечиктирбестен proektsklada@kumtor.kg электрондук дарегине “Кампаны долбоорлоо боюнча документтер” темасын көрсөтүп, электрондук түрдө жөнөтүшү керек.

Сатып алынуучу товарлардын тизмеси ушул тендердик документке тиркелген.

Катышуу үчүн арызда төмөнкү документтер камтылышы керек:

  • Жеткирүү мөөнөттөрүн, жеткирүү шарттарын, төлөм шарттарын жана коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтүн эске алган коммерциялык сунуш (максималдуу мөөнөттү көрсөтүңүз). Коммерциялык сунуш расмий бланкта болушу керек. Коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек.

Баалоо критерийлери: Эң аз чыгым жана оптималдуу жеткирүү убактысын сунуштаган сунуш жеңүүчү деп эсептелет.

Эгерде Жеткирүүчү коммерциялык сунушту биринчи жолу берип жатса жана мурда аккредитациядан өтпөгөн болсо, катышуучу төмөндөгү шилтемеде көрсөтүлгөн документтердин белгилүү бир пакетин “Сатып алуу жол-жоболорунда катышуучулар тарабынан берилген документтердин тизмеси” бөлүмүндө бериши керек.

Как стать поставщиком | Кумтор Голд Компани

Кардар тиешелүү катышуучуларга эч кандай милдеттенмелерди албастан, Келишим түзүлгөнгө чейин каалаган убакта бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле тандоо процессин жокко чыгарууга укуктуу.

Катышуучу өзүнүн сунушун берүү менен, Кампаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макулдугун билдирет.

Тандоодо ар бир катышуучу бир гана коммерциялык сунуш бере алат.

Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтүндө коммерциялык сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Бул тандоо боюнча бардык суроолорду asem.bayakunova@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтсөңүз болот.

Бул электрондук почта дарегине конкурстук сунуштарды/арыздарды жөнөтпөңүз.

Тандоо шарттарын түшүндүрүү өтүнүчтөрү сунушту берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин 3 календардык күн мурун жөнөтүлүшү керек.

 

Техникалык тапшырма