«КУМТОР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАК ҮЧҮН ЛАБОРАТОРИЯЛЫК АЛТЫНСЫЗДАНДЫРЫЛГАН ФЛЮСТУ ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА

«КУМТОР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАК ҮЧҮН ЛАБОРАТОРИЯЛЫК АЛТЫНСЫЗДАНДЫРЫЛГАН ФЛЮСТУ ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА

Жарыяланган: 19 February 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 4-марты, Бишкек убактысы боюнча саат 17:00.


Урматтуу айымдар жана мырзалар,

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (Буйрутмачы) «Кумтөр Голд Компани» ЖАК үчүн лабораториялык алтынсыздандырылган флюсту жеткирүү боюнча жана Техникалык тапшырмага ылайык төмөнкү лот боюнча конкурстук табыштамаларды берүү үчүн эки топтомдон турган чектелбеген конкурска катышууга укуктуу жеткирүүчүлөрдү чакырат:

  1. Лот №1 – Лабораториялык алтынсыздандырылган флюс

Сиздердин сунуштарыңыздар, коштомо документтер, тиркемелер жана баалык сунуштарыңыздар коммерциялык сунуштарга жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюу укугуна ээ болгон адам (же адамдар) тарабынан кол коюлушу керек. Документтер мөөр менен бекитилип, PDF форматында берилүүгө тийиш.

Документтерге кол коюу укугу бар адамдын ыйгарым укуктары ишеним кат же анын ыйгарым укуктарын тастыктаган документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү аркылуу далилденүүгө тийиш.

Тандоого катышууга кызыкдар бардык тараптар Чакырууга 1-7 тиркемелери менен таанышып чыгышы зарыл жана милдеттүү түрдө Чакырууга тиркелген №1, №2, №3, №6, №7-формаларын толтурушу керек. Ошондой эле талап кылынган документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, төмөндө көрсөтүлгөн электрондук почта дарегине электрондук түрдө жөнөтүүгө тийиш.

Катышуучулар конкурсқа катышуу үчүн өздөрүнүн Табыштамаларын электрондук почта аркылуу бир же бир нече кат менен жөнөтүшөт, бирок ар бир каттын көлөмү 25 МБдан ашпашы керек.

Кат  flux2026@kumtor.kg дарегине эки өзүнчө топтом менен жөнөтүлүшү керек жана төмөнкү темаларды камтууга тийиш:

  • биринчи топтом: «Квалификациялык жана техникалык сунуштар [компаниянын аталышы]»;
  • экинчи топтом: «Баалык сунуш [компаниянын аталышы]».

Конкурстук табыштаманы тапшыруу тартиби

Катышуучулар документтерди эки өзүнчө топтом менен тапшырышат, мында эки топтом тең жогоруда көрсөтүлгөн электрондук почта дарегине бир убакта жөнөтүлүшү керек:

  • Топтом №1 – квалификациялык жана техникалык сунуштар
    (сырсөз коюлбаган файл түрүндө берилет);
  • Топтом №2 – коммерциялык сунуш (файлга кирүү сырсөз аркылуу болушу керек жана ал биринчи этапта ачылбайт, сырсөздү буйрутмачы суроо жөнөткөндөн кийин электрондук почта аркылуу жөнөтүү зарыл).
  1. Биринчи этап – Квалификациялык жана техникалык сунуштарды баалоо (Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн):
    1.1. Квалификациялык жана техникалык баалоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
  • Товардын техникалык спецификациясы;
  • №1 тиркеменин толтурулган скан көчүрмөсү – Конкурстук табыштаманын аткарылышына кепилдик берген декларация;
  • №2 тиркеменин толтурулган скан көчүрмөсү – Ак ниеттүүлүк декларациясы жана коррупцияга каршы эскертме;
  • №7 тиркеменин толтурулган скан көчүрмөсү – Конкурстук табыштама/сунуш;
  • №6 тиркеменин толтурулган скан көчүрмөсү – Квалификация тууралуу маалымат;
  • Техникалык тапшырмадагы талаптарга ылайык берилген документтердин шайкештигин текшерүү;
  • Салыктык жана социалдык төлөмдөр боюнча карыздардын жоктугу жөнүндө маалымкаттардын (МСК, Социалдык фонд) оригиналдарынын сканерленген көчүрмөлөрү;
  • Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон же кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн сканерленген көчүрмөсү / Юстиция министрлигинин сайтынан электрондук үзүндү; (жеке ишкерлер үчүн – жеке ишкер катары катталгандыгы жөнүндө күбөлүк же учурдагы патенттин көчүрмөсү, мында Иштин түрү сатып алуунун предметине ылайык келиш керек);
  • Уставдын оригиналынын сканерленген көчүрмөсү (юридикалык жактар үчүн);
  • Документтерге кол коюу ыйгарым укугун тастыктаган ишеним кат же башка документ (буюрук/дайындоо тууралуу чечим);
  • Акыркы эки календардык жыл үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн, бардык тиркемелери менен бирге бухгалтердик баланс (баланс, киреше жана чыгашалар жөнүндө отчет, капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет, акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет) жана БСДнын (Бирдиктүү салык декларациясы) оригиналдарынын сканерленген көчүрмөлөрү;
  • Катышуучунун соттук териштирүүлөргө катышуусу тууралуу маалымат (акыркы үч жылды жана учурдагы жылды камтуу менен);
  • Шайкештик сертификаттары или Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк;
  • Шайкештик сертификаттары же, ар бир үлгү үчүн анын паспорту же техникалык баяндамасы;
  • Паспорт же продукциянын техникалык баяндамасы (бар болсо);
  • Кепилдик кат (зарыл болсо);
  • Дистрибьюторлукту тастыктаган сканерленген документтер: дистрибьютордук келишими, дистрибьютор сертификаты же өндүрүүчүнүн расмий каты.

Резидент эместер үчүн (башка мамлекеттердин катышуучулары):

  • Товардын техникалык спецификациясы;
  • №1 тиркеменин толтурулган скан көчүрмөсү – Конкурстук табыштаманын аткарылышына кепилдик берген декларация;
  • №2 тиркеменин толтурулган скан көчүрмөсү – Ак ниеттүүлүк декларациясы жана коррупцияга каршы эскертме;
  • №7 тиркеменин толтурулган скан көчүрмөсү – Конкурстук табыштама/сунуш;
  • №6 тиркеменин толтурулган скан көчүрмөсү – Квалификация тууралуу маалымат;
  • Иш тажрыйбасынын анализи (акыркы жыл үчүн референс тизме);
  • Техникалык тапшырмадагы талаптарга ылайык берилген документтердин шайкештигин текшерүү;
  • Мамлекеттик каттоодон же кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн сканерленген көчүрмөсү;
  • Уставдын оригиналынын сканерленген көчүрмөсү;
  • Документтерге кол коюу ыйгарым укугун тастыктаган ишеним кат же башка документ (буюрук/дайындоо тууралуу чечим);
  • 2024-жыл жана 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн, бардык тиркемелери менен бирге бухгалтердик баланстын (баланс, киреше жана чыгашалар жөнүндө отчет, капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет, акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет) оригиналынын сканерленген көчүрмөсү;
  • Шайкештик сертификаттары или Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк;
  • Паспорт же продукциянын техникалык баяндамасы (бар болсо);
  • Кепилдик кат (зарыл болсо);
  • Дистрибьюторлукту тастыктаган сканерленген документтер: дистрибьютордук келишими, дистрибьютор сертификаты же өндүрүүчүнүн расмий каты.

1.2. Биринчи баскычтын жыйынтыгы менен экинчи этапка катышууга уруксат алган катышуучулардын тизмеси түзүлөт.

1.3. Экинчи этапка төмөнкүлөрдү аткарбаган катышуучулар катыша алышпайт:

  • документтердин толук топтомун бербегендер;
  • биринчи топтом менен коммерциялык сунушту сырсөзсүз бергендер же сырсөздү буйрутмачы сурай электе жөнөткөндөр;
  • буюртмачы суроо жөнөткөндөн кийин да экинчи топтомдун сырсөзүн бербегендер;
  • кол коюлган конкурстук табыштаманын аткарылышына кепилдик берген декларацияны (Чакырууга №1-тиркеменин формасы боюнча) бербегендер;
  • кол коюлган ак ниеттүүлүк декларациясы жана коррупцияга каршы эскертмени (Чакырууга №2-тиркеменин формасы боюнча) бербегендер;
  • кол коюлган конкурстук табыштама/сунушту (Чакырууга №7-тиркеменин формасы боюнча) бербегендер;
  • документтерди чакырууда көрсөтүлгөн мөөнөт өтүп кеткенден кийин тапшыргандар;
  • Буйрутмачынын коопсуздук кызматынын жана каржы бөлүмүнүн аккредитациясынан өтпөгөндөр;
  • Буйрутмачынын техникалык жана квалификациялык талаптарына шайкештикти текшерүүдөн өтпөгөндөр.

1.4. Буйрутмачы өз каалоосу боюнча жеринде текшерүүнү жүргүзө алат.

1.5. Кароого өндүрүүчүлөрдүн же алардын расмий өкүлдөрүнүн сунуштары гана кабыл алынат (өндүрүүчүнүн расмий каты менен тастыкталууга тийиш).

  1. Экинчи баскыч – конкурстук табыштаманы баалоо

2.1. Экинчи баскычка биринчи баскычтан ийгиликтүү өткөн катышуучулар гана катышууга уруксат берилет.

2.2. Катышуучунун баа сунушу Чакырууга №3 тиркемесиндеги формага ылайык так түрдө толтурулат.

2.3. Эгерде конкурска катышуучу Чакырууга №3 тиркемесинде белгиленген формага ылайык келбеген баа сунушун жөнөткөн учурда, анын табыштамасы четке кагылат.

2.4. Жеңүүчү болуп баа/сапат боюнча эң мыкты шарттарды сунуштаган, ошондой эле Техникалык Тапшырма шарттарына ылайык конкурстук табыштаманы берген катышуучу саналат.

2.5. Конкурстун катышуучу тарабынан көрсөтүлгөн продукциянын наркы бардык чыгашаларды, анын ичинде салыктарды, алымдарды, жыйымдарды, буйрутманын кампасына жеткирүүнү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынган башка төлөмдөрдү, ошондой эле кызмат көрсөтүү мөөнөтүн эске алуу менен келишимдик милдеттенмелерди аткаруу үчүн Келишимде көрсөтүлгөн тейлөө мөөнөтүн эске алуу менен башка чыгымдарды камтууга тийиш.

Баалоо критерийлери:

  • Баа/сапат/жеткирүү мөөнөтү катышы боюнча эң жакшы шарттарды сунуштаган, белгиленген квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген катышуучунун сунушу жеңүүчү деп таанылат;
  • Конкурстук сунуштун жеңүүчүсү менен бир жылдык мөөнөткө Жеткирүү келишими түзүлөт, зарыл болгон учурда тесттик партияны сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен.

Квалификациялык документтерди тапшырууга негизги талаптар:

  1. Конкурска катышуучулар конкурс талаптарына ылайык орус тилинде түзүлгөн табыштаманы берип, аны көрсөтүлгөн электрондук дарекке жөнөтүүгө тийиш.
  2. Тандоо процессинин алкагында берилген бардык документтер купуя (конфиденциалдуу) маалымат катары каралат.
  3. Өз сунушун тапшыруу менен Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экенин ырастайт.

Маанилүү!

  • Товар үчүн алдын ала төлөм жүргүзүлгөн учурда, Жеткирүүчү алдын ала төлөм суммасына барабар өлчөмдө банктын кепилдик түрүндөгү кепилдик камсыздоону берүүгө милдеттүү.
  • Келишимдин шарттарында Келишимди аткарууга кепилдик милдеттенме (мындан ары – КАКМ) Келишимдин жалпы суммасынын 5% (беш пайызы) өлчөмүндө каралат.
  1. КАКМ формасы акча каражат түрүндө же банктык кепилдик түрүндө берилши мүмкүн.
  2. Жеңүүчү катышуучу КАКМ төлөмүн киргизүүдөн баш тарткан учурда буйрутмачы кийинки катышуучу менен келишим түзүүгө укуктуу.
  3. КАКМ төлөмү төмөнкү учурларда буйрутмачынын тастыктоосунун негизинде жеткирүүчүгө 7 (жети) иш күнүнөн кеч эмес мөөнөттө кайтарылат:
  4. Келишим боюнча бардык милдеттенмелер, анын ичинде бардык кепилдиктик милдеттенмелер (кепилдик мөөнөтү) аткарылганда;
  5. Келишим форс-мажордук жагдайлардын айынан бузулган учурда.
  6. КАКМ төлөмүн аткаруу үчүн банктык реквизиттер Чакыруунун №4 Тиркемесинде көрсөтүлгөн.
  • Келишмден кийинки төлөм жүргүзүлгөн учурда, Жеткирүүчү Конкурстук табыштаманын аткарылышына кепилдик берген декларациясын (Чакырууга №1 Тиркемеси) берүүгө тийиш.
  • Эгер буга чейин (КГК) дарегине бул түрдөгү продукцияны жеткирбеген Жеткирүүчү квалификациялык тандоодон ийгиликтүү өтүп, эң төмөн бааны сунуштаса, Буйрутмачы продукциянын пилоттук (тесттик) партиясын жеткирүү боюнча келишим түзүүнү демилгелөөгө укуктуу.
  • Пилоттук партиянын баасы коммерциялык сунушта көрсөтүлгөн баадан жогору болбоого тийиш.
  • Тандоонун катышуучулары тарабынан белгиленген мөөнөттөн кийин берилген конкурстук табышмалар кабыл алынбайт жана каралбайт.
  • Тандоонун ар бир катышуучусу ар бир лот үчүн бир гана сунуш бере алат.
  • Конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү бүткөндөн кийин аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Конкурстук табыштамаларды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 4-марты , саат 17:00 чейин.

Бул Чакырууга байланыштуу суроолор пайда болгон учурда, Катышуучу түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн bek.myktybekuulu@kumtor.kg электрондук дареги боюнча Буйрутмачыга кайрылса болот, бирок конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин 3 жумушчу күндөн кечиктирбеши керек. Түшүндүрмөлөр кайрылган Берүүчүгө суроо-талап алынган электрондук почта аркылуу табыштама алынган учурдан тартып үч календардык күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт.

Зарыл болгон учурда, Буйрутмачы конкурстук сунуштарды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин каалаган учурда, бирок кандай болбосун 3 (үч) жумушчу күндөн кечиктирбестен, толуктоолорду берүү жолу менен ушул Чакырууга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.

Буйрутмачы, эгерде ушул Чакырууга өзгөртүүлөр киргизилген болсо, конкурстук сунуштарды берүүнүн акыркы күнүн кийинки күнгө жылдыра алат, бул тууралуу Буйрутмачы тиешелүү маалыматты ушул конкурс жөнүндө жарыя жайгаштырылган https://www.kumtor.kg/ru/ Буйрутмачынын расмий веб-сайтында жайгаштыруу аркылуу билдирет.

Буйрутмачы тиешелүү Катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албастан, Келишим түзүлгөнгө чейин каалаган учурда ар кандай сунушту кабыл алууга же четке кагууга же ошондой эле конкурс жараянын жокко чыгарууга укуктуу

Буйрутмачы бул чакыруунун алкагында табыштама ээси тарабынан келтирилген кандай гана болбосун чыгымдарды компенсациялоо боюнча милдеттенмелерден так жана толук түрдө баш тартарын билдирет.

 

БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР