КОТИРОВКАЛАРДЫ СУРОО ЫКМАСЫ МЕНЕН ГРАНУЛДАШКАН КАУСТИКАЛЫК СОДА БОЮНЧА КОММЕРЦИЯЛЫК СУНУШТАРДЫ БЕРҮҮ ҮЧҮН

КОТИРОВКАЛАРДЫ СУРОО ЫКМАСЫ МЕНЕН ГРАНУЛДАШКАН КАУСТИКАЛЫК СОДА БОЮНЧА КОММЕРЦИЯЛЫК СУНУШТАРДЫ БЕРҮҮ ҮЧҮН

Жарыяланган: 21 January 2026

ТАБЫШТАМА БЕРҮҮНҮН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 26-январы, саат 17:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча).


Урматтуу айымдар жана мырзалар!

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (Буйрутмачы) укуктуу берүүчүлөрдү өндүрүштүк муктаждыктар үчүн Гранулдаштырылган каустикалык соданы – 500 000 кг жеткирүү боюнча котировкаларды суроо жолу менен конкурска катышууга жана Техникалык Тапшырмага ылайык коомерциялык сунуштарды берүүгө чакырат:

Коммерциялык сунушту (КС) даярдоодо төмөнкү шарттарды жазуу керек:

  • Жеткирүү мөөнөтү
  • Жеткирүү шарттары
  • Төлөм шарттары
  • КСнын жарактуулук мөөнөтү (30 күндүк минималдуу мөөнөттү көрсөтүү керек)

Коммерциялык сунуштарды тапшыруунун негизги талаптары:

  1. Коммерциялык сунушка ыйгарым укуктуу өкүл кол коюп, мөөр басылышы керек.
  2. Коммерциялык сунушта “Баа сунушу [компаниянын аталышы]” деген тема болушу керек жана soda2026@kumtor.kg дарегине жөнөтүлүшү керек.
  3. Коммерциялык сунушка сапат сертификаты жана коопсуздук боюнча маалымат баракчасы тиркелиши керек.
  4. Документтер PDF форматында берилиши керек.
  5. Кол коюучунун ыйгарым укуктары ишеним кат же алардын ыйгарым укуктарын тастыктаган документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен ырасталышы керек.
  6. Коммерциялык сунуштун бардык барактарына мөөр басылып жана кол тамга коюлушу керек.

Баалоо критерийлери:

  • Белгиленген техникалык талаптарга жооп берген жана баасы/сапаты/жеткирүү мөөнөтү/жеткирүү шарттары боюнча эң жакшы шарттарды сунуштаган катышуучунун сунушу жеңүүчү болуп таанылат.

Сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын «26» январь, Бишкек убактысы боюнча саат 17:00 чейин.

  • Тандоонун катышуучулары тарабынан белгиленген мөөнөттөн кийин берилген конкурстук табышмалар жана/же өтүнмөлөр кабыл алынбайт жана каралбайт.
  • Өзүнүн сунушун берүү менен, Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарды ылайык макул болот.
  • Тандоонун ар бир Катышуучусу ар бир Лот үчүн бир гана сунуш бере алат.
  • Конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү бүткөндөн кийин аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Бул Чакырууга байланыштуу суроолор пайда болгон учурда, Катышуучу түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн Chynara.dzhaksygulova@kumtor.kg электрондук дареги боюнча Буйрутмачыга кайрылса болот, бирок конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин 3 жумушчу күндөн кечиктирбеши керек. Түшүндүрмөлөр кайрылган Берүүчүгө суроо-талап алынган электрондук почта аркылуу табыштама алынган учурдан тартып үч календардык күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт.

Зарыл болгон учурда, Буйрутмачы конкурстук сунуштарды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин каалаган учурда, бирок кандай болбосун 3 (үч) жумушчу күндөн кечиктирбестен, толуктоолорду берүү жолу менен ушул Чакырууга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.

Буйрутмачы, эгерде ушул Чакырууга өзгөртүүлөр киргизилген болсо, конкурстук сунуштарды берүүнүн акыркы күнүн кийинки күнгө жылдыра алат, бул тууралуу Буйрутмачы тиешелүү маалыматты ушул конкурс жөнүндө жарыя жайгаштырылган https://www.kumtor.kg/ru/ Буйрутмачынын расмий веб-сайтында жайгаштыруу аркылуу билдирет.

Буйрутмачы тиешелүү Катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албастан, Келишим түзүлгөнгө чейин каалаган учурда ар кандай сунушту кабыл алууга же четке кагууга же ошондой эле конкурс жараянын жокко чыгарууга укуктуу. Буйрутмачы көрсөтүлгөн чакыруунун алкагында арыз ээси тарткан кандайдыр бир чыгымдардын ордун толтуруу боюнча милдеттенмеден баш тарткандыгы жөнүндө сөзсүз билдирет.

 

ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА