КАЛДЫКТАРДЫ КАЙРА ИШТЕТҮҮ БОЮНЧА ДОЛБООРДУК ТОБУНА ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО (БИШКЕК Ш. КЕҢСЕ)
Жарыяланган: 25 December 2025
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 12.01.2026, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Калдыктарды кайра иштетүү боюнча долбоордук тобуна эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Жогорку техникалык билим;
- Англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелинет;
- Компьютерди ишенимдүү колдонуу, (MS Office) программаларын билүү;
- Демилгелүүлүк, тырышчактык, тактык, тартиптүүлүк, командада иштей билүү;
- Жакшы дене түзүлүш, дарыгерлердин көрсөтмөсү боюнча бийик тоолуу шарттарда иштөөгө жарамдуулук.
Милдеттер:
- Эски калдыктарды кайра иштетүү комплексинин дайындалган тилкелеринде курулуш иштерин жүргүзүү жана такшалмага байланыштуу жумуштарды аткаруу үчүн өндүрүштүк иш-аракеттерди башкарууга көмөктөшүү;
- Эски калдыктарды кайра иштетүү долбоорунун жетекчилиги, адистери, ошондой эле эски калдыктарды кайра иштетүү комплексинин куруусуна катышкан жалданма уюмдарынын адистери менен, башка бөлүмдөрдүн жетекчилери менен бирге кызматташуу;
- Иш-аракеттердин жүрүшүндө аныкталган ар кандай кемчиликтер, бузулуулар, кырсыктар ж.б. тууралуу эски калдыктарды кайра иштетүү боюнча долбоордук тобунун жетекчилигине жана адистерине өз убагында маалымат берүү;
- Керекүү/милдеттүү отчетторду өз убагында жана туура тапшырууну камсыз кылууга көмөктөшүү;
- Жумушчу/техникалык жана анын ишмердүүлүк тармагына тиешелүү иш кагаздарын сактоого көмөктөшүү.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кеңсе
- Такшалма графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- 2026-жылдын 12-январында саат 16:00дөн кечиктирбестен анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.