ДЕН СООЛУКТУ, ЭМГЕКТИ ЖАНА ӨНӨР ЖАЙ КООПСУЗДУГУН КОРГОО БӨЛҮМҮНӨ (ӨРТ КООПСУЗДУГУ) ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

ДЕН СООЛУКТУ, ЭМГЕКТИ ЖАНА ӨНӨР ЖАЙ КООПСУЗДУГУН КОРГОО БӨЛҮМҮНӨ (ӨРТ КООПСУЗДУГУ) ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 25 November 2025

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 09.12.2025, 16:00го чейин.


“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын студенттерин ден соолукту, эмгекти жана өнөр жай коопсуздугун коргоо бөлүмүнө (өрт коопсуздугу) эки жылдык такшалма программасынан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Инженердик-техникалык жогорку билим (2019–2025-жылдар аралыгында жогорку окуу жайларын бүтүргөндөрдөн арыздар кабыл алынат).”
  • Компьютерди ишенимдүү колдонуучу, программаларды билүү (MS Office, AutoCAD, Corel, Visio);
  • Инициативдүүлүк жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө каалоо;
  • Аткаруучулук, тартиптүүлүк жана стресс туруктуулук;
  • Тактык, командада иштей билүү;
  • Жакшы физикалык формада болуу, медициналык жактан тоо-кен ишканасында иштөөгө жарактуу болуу.

Милдеттер:

Өрт коопсуздугу боюнча стажер төмөнкү иш чараларга катышат:

  • Өрт сигнализация жана өрт өчүрүү системаларын монтаждоо, оңдоо, тейлөө;
  • Биринчи өрт өчүрүү каражаттарын кайра кубаттоо жана тейлөө;
  • Өрт түтүктөрүн кайра ороп коюу;
  • Өрт крандарын жана тышкы гидранттарды текшерүү;
  • Кен объектилеринде өрт коопсуздугу боюнча инспекцияларды өткөрүү;
  • «КГК» ЖАК объектилеринин эвакуациялоо пландарын иштеп чыгууга катышуу жана көмөктөшүү;
  • Авариялык-куткаруу кызматтарынын машыгууларына жана окууларына катышуу;
  • Чукул кырдаалдар аймагына кирбей, авариялык-куткаруу (жардамчы) иштерин аткаруу;
  • Документтер менен иштөө (журналдарды, инспекция бланктарын жана башка документтерди толтуруу).

Такшалманын шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалманын узактыгы – 2 жыл
  • Такшалманын орду – Кумтөр кени
  • Такшалманын графиги – 14/14

Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2025-жылдын 9-декабрында 16:00дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.