ФОТОРЕПОРТАЖ — КУМТӨР КЕН ЖАЙЫНДА КГКнын БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ОТУРУМУ ӨТТҮ

ФОТОРЕПОРТАЖ — КУМТӨР КЕН ЖАЙЫНДА КГКнын БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ОТУРУМУ ӨТТҮ

Жарыяланган: 01 October 2025

Кумтөр кен жайында «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун Башкармалыгынын көчмө отуруму болуп өттү.


Отурумдун жүрүшүндө 2025-жылга карата иш пландардын аткарылышы тууралуу маалымат угулуп, ошондой эле алдыдагы 2026-жылга карата милдеттер талкууланды.

«Кумтөр Голд Компанинин» Башкармалыгынын төрагасы Бузурман Субанов кен жайдын бардык түзүмдүк бөлүмдөрү коюлган милдеттерди так аткаруу менен штаттык режимде иштеп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, ишкананын жетекчилигинин жана адистеринин күч-аракети учурдагы жылды ийгиликтүү аяктоого жана жаңы өндүрүштүк милдеттерди ишке ашырууга багытталган.