Жарыяланган: 23 September 2025
Урматтуу кесиптештер!
Сиздерди 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Тил – бул элдин жаны, тарыхы жана келечеги. Кыргыз тилибиз ар дайым өнүгүп, гүлдөп, өсө берсин. Ар бирибиз тилибизге кам көрүп, аны урматтасак, келечек муундарга бай мурас калтырабыз. Андыктан эне-тилибизди кадырлайлы, барктайлы! Улуу тилибиздин учугу узарып, түбөлүгү түз болсун!
Майрамыңыздар менен!