ОКУЯЛАРГА МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗҮҮ КЫЗМАТЫН КӨРСӨТҮҮ БОЮНЧА (SECURITY OPERATIONS CENTER)
Жарыяланган: 18 August 2025
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 28.08.2025, Бишкек сааты боюнча 17:00го чейин.
Кумтөр Голд Компани” ЖАК Сервис-контракт шарттарында ыкчам Коопсуздук борбору-иш-чараларга мониторинг жүргүзүү боюнча конкурс өткөрүү жөнүндө жарыялайт.
Почтага сунушуңузду жөнөтүү үчүн: sockumtor2025@kumtor.kg
Позициянын аталышы: окуяларга мониторинг жүргүзүү кызматын көрсөтүүгө.
Көндүмдөр жана компетенциялар:
- Маалыматтык коопсуздук окуяларын (SIEM, SOAR, XDR, AV, FW, IPS/IDS, DLP ж. б.) коргонуу каражаттары аркылуу мониторингдөө жана талдоо;
- Маалымат коопсуздугу боюнча инциденттерди каттоо жана иликтөө;
- Инциденттерди жогорку деңгээлдеги линияларга эскалациялоо;
- SOC борборунун 24/7 режиминде иштешин камсыз кылуу үчүн нөөмөттүк иш графиги;
- Коопсуздук системаларында инциденттерди аныктоонун жаңы сценарийлерин иштеп чыгуу;
- Маалыматтык коопсуздук инциденттерине жооп кайтаруу пландарын (playbook) иштеп чыгуу жана аларды автоматташтыруу;
- Маалыматтык коопсуздуктун типтүү инциденттеринин базасын жүргүзүү жана актуалдуулугун камсыз кылуу;
- Жалган ишке кирүүлөрдү аныктоо жана аларды жок кылуу боюнча сунуштарды берүү;
- Коопсуздук системаларынын абалын көзөмөлдөө
Аткаруучуга коюлган квалификациялык талаптар:
Тилдерди билүү:
- Орус тилинде – эркин сүйлөшүү керек;
- Кыргыз тилинде – эркин сүйлөшүү керек;
- Англис тилинде – ортодон жогору (Upper Intermediate) же жогорку деңгээл (Advanced).
- Маалымат коопсуздугунун негиздерин билүү;
- Windows жана Unix системаларынын иштөө принциптерин базалык деңгээлде түшүнүү;
- Тармактык протоколдордун иштөө логикасын түшүнүү (OSI модели жана/же TCP/IP)
- Active Directory системасынын негизги принциптерин түшүнүү (аутентификация механизмдери, чабуулдар);
- MITRE ATT&CK жана Cyber Kill Chain сыяктуу ыкмалар аркылуу чабуулчулардын негизги тактикасын жана техникасын билүү жана түшүнүү.
Иш шарттары:
- График: 1х2 (экиден бир күн);
- 1 нөөмөт: 15 саат;
- Кеңсе: Бишкек шаары, Ибраимова 24.
Сиз төмөндөгү документти жүктөп алсаңыз болот:
ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА
ФОРМА ЗАПРОСА КП
Приложение №1